www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Antares Trade каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча айыпталуучулардын бири социалдык тармактарда тараткан билдирүүлөргө байланыштуу расмий маалымат берди.
ИИМдин маалыматына ылайык, Antares Trade каржы пирамидасын уюштуруу фактысы боюнча кылмыш иши ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтенген. Тергөөдө 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын июль айына чейин чет өлкөлүк жарандар С.Т., Д.М., Ч.Х. жана Кыргызстандын жараны Т.Т. өлкө аймагында каржы пирамидасынын белгилерине негизделген мыйзамсыз инвестициялык схеманы уюштурганы аныкталган.
Шектүүлөр Бишкектеги соода борборлорунун биринен кеңсе ачып, жарандарды жогорку киреше жана кепилденген дивиденддер убадасы менен инвестиция салууга чакырып келишкен. Ошол эле учурда Antares Trade компаниясы Кыргызстанда расмий каттоодон өтпөгөнү жана мыйзамдуу ишкердик жүргүзбөгөнү белгиленет.
Тергөөдө жарандардын акча каражаттарын мыйзамсыз тартууга байланыштуу 50 эпизод бир өндүрүшкө бириктирилип, жабырлануучуларга келтирилген жалпы зыян 1 миллион 61 миң 198 АКШ долларын түзгөнү аныкталган.
ИИМ билдиргендей, кылмыш иши 2021-жылдын декабрь айында сотко өткөрүлүп берилген. Бирок соттук кароонун жүрүшүндө айыпталуучулар С.Т., Д.М., Ч.Х. жана Т.Т. сотко келбей, жашырынып кеткендиктен аларга издөө жарыяланган.
Министрлик тергөөнүн мыйзамсыз жүргүзүлгөнү же айыпталуучунун күнөөсү жок экени тууралуу билдирүүлөр анын жеке көз карашы экенин белгилеп, мындай жүйөлөргө укуктук баа сот тарабынан гана берилерин маалымдады.
Ошондой эле ИИМ издөөдө жүргөн адамдардын жүргөн жерин аныктоо жана аларды сотко жеткирүү боюнча мыйзамда каралган бардык чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.