www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оштогу Villa аттуу мейманканада “еврейлерге жана жаныбарларга кирүүгө тыюу салынат” деген жазуу илинген. Бул окуя коомчулукта чоң резонанс жаратып, Израиль бийлигинин реакциясы дароо болду.
Бир нече күн мурун бул көрүнүшкө күбө болгон конок социалдык тармактарга табличканын сүрөтүн жарыялаган.
Израилдин Казакстан жана Кыргызстандагы элчилиги бул окуяны айыптап чыкты.
«Израиль Мамлекетинин Казакстан Республикасындагы жана Кыргыз Республикасындагы элчилиги Ош шаарындагы мейманканалардын биринде ачык антисемиттик жана мазактоочу мазмундагы табличканын пайда болушун чечкиндүү түрдө айыптайт. Мындай көрүнүштөр кабыл алынгыс жана урматтоо, теңдик жана адамдык кадыр-барк сыяктуу негизги принциптерге каршы келет. Биз этникалык таандыктыгына, динге же башка белгилерге карата ар кандай басмырлоого так жана бир маанилүү жооп берилиши керек деп эсептейбиз», - деп айтылат дипломатиялык өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.
Kaktus.media редакциясы мейманкананын администрациясы менен байланышкан. Башкаруучу бул табличканы мейманкана жайгашкан имараттын ээси илип койгонун билдирген.
«Биз ижарачыбыз жана мындай чечимге каршы болгонбуз, бирок имараттын ээси өз пикиринде туруп алды. Кечээ укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү, табличка азыр алынган. Мындай табличканы илиш туура эмес экенин түшүнөбүз, бирок, тилекке каршы, кырдаалга таасир эте алган жокпуз», - дешти мекемеден.
Ош ШИИБинен редакцияга билдиришкендей, бул окуя тууралуу маалымат 20-апрелде экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш бөлүмүнүн кызматкеринен түшкөн. Маалымат «Сулайман-Тоо» милиция бөлүмүнүн электрондук журналына катталып, андан соң териштирүүгө чейинки текшерүү башталган.
«Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя болгон жер каралып, күбөлөр суралып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда текшерүү иш-чаралары уланууда», - деп билдиришти милициядан.