www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Салтанат Аманова Кыргызстанда ажырашуулардын алдын алуу жана үй-бүлө институтун бекемдөө үчүн Аялдар кеңешин түзүүнү сунуштады.
Билим берүү жана илим боюнча комитеттин жыйынында ал Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басарлыгына талапкер Улан Маматкановдун талапкерлигин колдоп, Министрлер кабинетине караштуу Аялдар кеңешинин институтун кайра жандандырууну сунуш кылды.
Депутаттын айтымында, мындай орган үй-бүлөлөрдү ажырашуудан сактоого, жубайларга никени сактап калууга көмөктөшүүгө жана үй-бүлөлүк зомбулукту азайтууга жардам берет.
Ал белгилегендей, учурда статистика боюнча ажырашуулар никелерден көп болуп жатат. Бул маселени Аксакалдар кеңеши жана Аялдар кеңеши биргелешип чече алат. Аялдар кеңеши жер-жерлерде ыдыроо алдында турган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, тарбиялык иштерди жүргүзүп, ошол эле учурда алардын сырын жана үй-бүлө башчысынын аброюн сактай алмак.
Улан Маматканов бул маселе боюнча депутаттар менен биргеликте иш алып барарын билдирди.