www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европа Биримдиги 2025-жылдагы баяндамасында Борбор Азиядагы адам укуктары жана демократиянын абалына баа берип, аймактагы кырдаалды «татаал», айрым өлкөлөрдө болсо начарлап баратканын белгиледи.
ЕБнин баамында, Кыргызстанда сөз эркиндигине, жарандык коомго жана тынч жыйындарга чектөөлөр күчөгөн. Казакстанда саясий реформалар жүрүп жатканы менен журналисттерге жана жарандык активдүүлүккө байланыштуу басым сакталууда.
Тажикстанда сөз эркиндиги жана журналисттердин коопсуздугу боюнча олуттуу көйгөйлөр бар. Баяндамада кеминде 7 журналист кесиптик ишмердигине байланыштуу түрмөдө экени айтылат.
Түркмөнстан Freedom House рейтингинде 100 баллдан 1 балл алып, «эркин эмес» өлкө катары бааланган. Ал эми Өзбекстанда адам укуктарынын абалынын «тынымсыз начарлашы» белгиленип, өлкө басма сөз эркиндиги индексинде 180 мамлекеттин ичинен 148-орунду ээлегени көрсөтүлгөн.
Европа Биримдиги адам укуктарын жана демократиялык эркиндиктерди коргоо боюнча Борбор Азия өлкөлөрү менен диалогду улантарын билдирди. Аймактагы бийликтердин көбү бул баяндамага азырынча расмий комментарий бере элек.