www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсептөө палатасы Финансы министрлигинин борбордук аппараты жана ага караштуу мекемелерде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 110,2 млн сомдук финансылык мыйзам бузуу жана кемчилик аныктады.
Маалыматка ылайык, текшерүү 2025-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышын камтыган.
Аудиттин жүрүшүндө аныкталган каражаттардын 26,8 млн сому калыбына келтирилүүгө тийиш болгон. Учурда анын 10,1 млн сому бюджетке кайтарылган.
Ошондой эле бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө, курулуш иштеринде жана мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө бир катар мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.
Эсептөө палатасы Финансы министрлигине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана кайтарылбай калган каражаттарды мамлекеттик бюджетке өндүрүү боюнча жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөткөн.