www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Мамлекеттик ипотекалык компания» (МИК) менен «АБанк» Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Кыргызстанда аялдар үчүн жеткиликтүү жана энергияны үнөмдөөчү турак жайга жетүүнү кеңейтүүгө багытталган долбоор боюнча кайра каржылоо боюнча Башкы макулдашууга кол коюшту.
Долбоордун жалпы каржылоо көлөмү 65 млн долларды түзөт. Каражат Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген кредиттик жана гранттык ресурстардын эсебинен каржыланат.
Долбоордун негизги максаты — жарандарга улуттук валютада туруктуу пайыздык чен менен жеткиликтүү жана узак мөөнөттүү ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Мында аялдарды колдоого жана энергияны үнөмдөөчү турак жайларды каржылоого өзгөчө көңүл бурулат.
Долбоордун алгачкы этабында МИК Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары аймактарда 2022–2024-жылдардан бери турак жай кезегинде турган аялдар үчүн ипотекалык насыялоо программасын ишке киргизет.
Программанын негизги шарттары:
Насыянын алкагында сатып алынуучу батирдин максималдуу аянты 100 чарчы метр, ал эми жеке турак үйдүн аянты 200 чарчы метрге чейин болушу мүмкүн.
МИК бул программа аркылуу аялдардын турак жай шарттарын жакшыртууга жана жеткиликтүү ипотекалык каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерди улантат.