www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров журналисттер жана блогерлер бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде жоопкерчиликке тартылып жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал журналист Али Токтакуновдун YouTube каналына берген маегинде айтты.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда мыйзам бузган адамдарга, анын ичинде журналисттер менен блогерлерге да мыйзам чегинде чара көрүлүшү керек.
«Аларды мен каматкан жокмун да, “кама” деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суракка алуу Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек.

Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн», — деди президент.

Ал блогерлердин айрымдары мурдагы саясатчылардан үлгү алып, бийликти сындап, туура эмес маалымат таратып жатканын белгиледи. Президенттин пикиринде, жалган маалымат таратуу же адамдын беделине шек келтирүү жоопкерчиликке алып келиши мүмкүн.
Жапаров ошондой эле «Кемпирабад иши» боюнча айыпталгандардын баары мыйзамдын негизинде акталганын айтты. Мындан тышкары, ырчы жана жарандык активист Аскат Жетигенди өзүн сындаганы үчүн каматпаганын билдирди.
Президент массалык башаламандыкка чакырык жасаганы үчүн 3,5 жылга эркинен ажыратылган Каныкей Аранованын иши тууралуу маалыматы жок экенин айтып, бул маселени карап чыгууну белгиледи.

Аскат Жетиген 2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси — бийликти басып алууга чакырык жасоо беренеси боюнча үч жылга эркинен ажыратылган. Анын жаза мөөнөтү 2026-жылдын 19-августунда аяктайт.

Каныкей Аранова болсо социалдык тармактагы билдирүүсү үчүн айыпталып, 2024-жылдын 28-июнунда Бишкек шаардык соту тарабынан 3 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот аны бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар жана кастыкты козутуу беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Президент маегинде абактагылардын ырайым сураган каттарын окуп, айрымдарына боору ооруп, аларды эркиндикке чыгарган учурлар болгонун да айтты.
Кыргызстандын бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги жана адам укуктары корголорун айтып келет.

Ошол эле учурда эл аралык укук коргоо жана журналисттик уюмдар акыркы жылдары Кыргызстанда жарандык коомго, журналисттерге жана сын-пикир айткандарга карата басым күчөгөнүн билдирип келишет.

2026-жылы «Чек арасыз кабарчылар» уюму жарыялаган басма сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан 180 өлкөнүн ичинен 146-орунду ээлеген.

Бул былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу эки баскычка төмөн.

Последние новости