www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда орточо айлык акы 53 миң сомдон ашты

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июнь айларынын жыйынтыгы боюнча орточо айлык акы (маалыматтар бир ай кечигүү менен берилет) 53 миң 759 сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз жыйынында билдиришти.

Белгиленгендей, 2026-жылдын июнь айында (2025-жылдын июнь айына салыштырмалуу) бардык экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ишканалардагы жана уюмдардагы орточо айлык номиналдык эсептелген эмгек акы 27,5 пайызга өскөн.

Жылдык 11,5 пайыздык инфляцияны эске алганда, анын өсүшү 16 пайызга жакын. Кошумчалай кетсек, бардык салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн эске алганда, колго тийген акча азыраак болот.

Эске салсак, май айында орточо айлык акы 51 миң 888 сомду түзгөн. Расмий маалыматтар боюнча, бир айда өсүш 3,6 пайызды түзгөн.

2026-жылдын июнь айынын жыйынтыгы боюнча (жылдык эсепте) айлык акы эң көп өскөн тармактар: көркөм өнөр, оюн-зоок жана эс алуу чөйрөсүндө – 49,2 пайыз, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө чөйрөсүндө – 43,7 пайыз, билим берүү чөйрөсүндө – 42 пайыз, айыл, токой жана балык чарбачылыгында – 36,1 пайыз, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк чөйрөсүндө – 33,1 пайыз.

2026-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча республикада расмий катталган жумушсуздардын саны – 37,5 миң адам. Бул бир жыл мурункуга салыштырмалуу 16,8 пайызга аз.

Последние новости