www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа биримдиги Орусияда үч дипломат "персона нон-грата" деп жарыяланашын айыптады.

Германия эгер Москва өз чечимин кайра карап чыкпаса, буга жооп чарасы колдонуларын эскертти. Немис тышкы иштер министри Хайко Маас Кремлдин кадамы Орусия менен Европанын мамилесине дагы да чоң зыян келтирерин белгиледи.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Навальныйдын ууланышына жана камалышына байланыштуу, ошондой эле Европа дипломаттарын Орусиядан чыгарылышынан улам Москвага каршы дагы да күчтүү санкцияларды колдонуу зарылдыгын билдирди.

5-февралда Орусия Европа Биримдигине кирген Швециянын, Польшанын жана Германиянын үч дипломатын "персона нон-грата" деп жарыялаган. Тышкы иштер министрлиги алар өлкөдөн чыгарыларын маалымдаган.

Расмий кабарга ылайык, Швеция менен Польшанын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун кызматкерлери жана Германиянын Москвадагы элчилигинин кызматкери 23-январда оппозиционер Навальныйды колдогон акцияларга катышкан. Орус бийлиги Навальныйдын тарапкерлеринин нааразылык жүрүштөрүн "мыйзамсыз" деп мүнөздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости