www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Цивилизация Азиядан башталган, Кытай, Индия, кыргыздын ата-бабалары биздин заманга чейин эле гүлдөгөн. Азыркы мезгилде Түштүк Корея, Кытай, Сингапур, Япония, Малайзия сыяктуу мамлекеттер атка камчы салдырбай кетип баратышат. Элүү жылда эл жаңы дейт, жаңырдыкпы, биздин айыл бир-аз чоюлганы болбосо ошол калыбында жатат. Ал эми Кореяда кандай? Сеул шаарын бойлой Чхонгечхон өзөнү агат. Бишкекте деле таштандыларды төккөн жерлер бар, ушул өзөндүн жээги 1967-жылга чейин ар кандай таштандыларды төкчү жерге айланган. Мындан элүү жыл илгери 1969-жылы таштандыларды төкчү жердин ордуна ушул заманга ылайык көпүрөлөрдү курушкан. Бүгүнкү күнү бул жер ажайып жерге айланган, мурун бул жерге таштандыларды төкчү деп эч кимдин оюна да келбейт. Азыркы күндө Түштүк Корея анча-мынча мамлекеттерге салам бербеген өнүккөн өлкөгө айланган. Түштүк Кореяга убагында өкмөттүн жетекчисинин орун басары болуп жүргөн Аида Исмаилова жаңыдан элчи болуп барды. Буюрса ага ак тилек кааласак, Түштүк Кореяга мурун барган элчилер чыр менен кеткенин жооп жакшы өнүгүүгө туш болорбуз. Акыркы мезгилде Азия тарапка болгон экономикалык кызматташуулар жаңы бийиктикке көтөрүлүп баратат. Барыбыз Европаны карабай Азия тарапка моюн сунуп калышыбыз ыктымал.
«Корея» деген сөз Корей жарым аралында биздин замандын 918—1392 жылдары болгон Корё мамлекетинин аталышынан келет. Өз кезегинде Корё мамлекетинин аталышы, өзүнүн өнүгүү учурунда Корей жарым аралынын түндүк бөлүгүн, ошондой эле азыркы Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүн жана Орусиянын аймактарын ээлеген Когурё мамлекетинен келет.
Корей Республикасы 1948-жылдын 15-августта түзүлгөн. Ли Сын Ман президенттикке шайланган. 1948-жылы ноябрда ал улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алып, Конституциянын айрым жоболорун алып салып, солчул, жумушчу уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салган. Ошол эле жылы өзү түзгөн Либералдык партия башкаруучу партияга айланган. 1948-жылы түзүлгөн келишимдердин негизинде АКШ өкмөтү Корей Республикасына экономикалык жардам берип турган.
1950—53-жылдары болгонКорей согушунун бүтүшү менен АКШ жана Корей Республикасы өз ара коопсуздукту камсыз кылуу, ядролук энергияны тынчтык максаттарга колдонуу жөнүндө келишимдерге кол коюшуп, АКШ аскерлери Кореянын аймагында туруктуу негизде калышкан. 1940-жылдардын аягы — 1950-жылдардын башында Корей Республикасынын экономикасы төмөндөп, өлкөдө массалык жумушсуздук пайда болгон. 1950-жылдары Корея өкмөтү АКШнын колдоосу менен жер реформасын жүргүзүп, ири жер ээлеринин ашык жерлерин сатып алып, дыйкандарга берген. 1952-жылы августта президенттик шайлоодо Ли Сын Ман кайрадан жеңишке ээ болгон. 1954-жылы ноябрда ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке чексиз укуктарды ыйгарып, парламенттин айрым бийлигин чектеген. Мындай иш чаралар, ошондой эле инфляциянын өсүшү жана жумушсуздук өлкөдөгү ички саясий абалды курчуткан. 1960-жылы 15-мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу катачылыктар Апрель көтөрүлүшүнө алып келген. 1960-жылы 26-апрелде Улуттук чогулуш президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу жана шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыздыгын таануу жөнүндө резолюция кабыл алган. 1960-жылы июнда парламент Конституцияга оңдоолорду киргизип, президенттин бийлиги чектелген, мындан ары президент эки палатадан турган парламент тарабынан шайланууга милдеттүү, солчул, жумушчу партиялар жана уюмдардын ишмердиктерине тыюу салуулар алып салынган. 1960-жылы августта Демократиялык партиянын лидери Юп Бо Сон президенттикке шайланган. 1960-жылы 1-октябрда өкмөт Корей Республикасында Экинчи республикасы орногондугун жарыялаган. Экинчи республика өкмөтүнүн жакырчылык, коррупция жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүксүздүгү, элдин турмуш деңгээлинин. элдин жаңы массалык чыгууларына шарт түзгөн. 1961-жылы 16-майда Пак Чон Хи баштаган офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Өлкөнү башкаруу Мамлекетти кайра куруунун жогорку кеңешине (МККЖК) өтүп, өлкөгө согуштук абал киргизилип, парламент, саясий партиялар жана коомдук уюмдар таркатылып, революциялык соттор түзүлгөн. 6-июлда МККЖК Конституцияны Чукул чаралар жөнүндө мыйзам менен алмаштырган. МККЖК расмий түрдө бийликтин жогорку органы болуп калган.1960-жылдардын ортосунда АКШнын жардамы менен өлкөнүн экономикасы кризистен чыккан. Өкмөт «экспорт аркылуу индустриялаштыруу» саясатына өткөн. 1963-жылы октябрда Пак Чон Хи президенттик укукка ээ болуп, 17-декабрда Үчүнчү республика жарыяланган. 1970-жылы Пак Чон Хи социалисттик мамлекеттер менен болгон соода байланыштарын чектеген. 1968-жылы 1-июлда Корей Республикасы Ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимге кошулуп, өзүнүн ядролук программаларын МАГАТЭнин көзөмөлүнө койгон. 1972-жылы 4-июлда Корей Республикасы жана КЭДРдин өкүлдөрү улуттук консолидациянын негизинде эки өлкөнү тынчтык жол менен бириктирүүнү ишке ашыруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бирок, Корей Республикасынын башкаруучу чөйрөлөрү жетишилген макулдашууну жүзөгө ашырууга жолтоо болуп, 1974-жылы эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курч мүнөзгө өткөн. 1972-жылы Пак Чон Хи согуш абалын киргизип, парламентти жана саясий партияларды таркатып, Конституциянын ишин токтотуп, «Юсин» деген аталыштагы саясий реформаларды баштаган. 1972-жылы 21-ноябрда жалпы улуттук референдумда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укугу кеңейип, Төртүнчү республикасы мезгили башталган. Пак Чон Хинин демилгеси менен Бириктирүүчү чучей (өз алдынча) элдик чогулушу (БЧЭЧ) түзүлүп, 1972-жылы 23-декабрда Пак Чон Хи кайрадан президенттикке шайланган. Пак Чон Хинин саясатына каршы 1979-жылы өлкөдө нааразычылыктар күч алган. Натыйжада Пак Чон Хи атылып өлтүрүлүп, мамлекет башына премьер-министр — Цой Гю Ха шайланган. 1980-жылы генерал Чон Ду Хван жетектеген аскерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, Цой Гю Ха бийликтен кетип, парламент таркаган. 1981-жылы Чон Ду Хван өлкөнүн президенттигине шайланган. Бешинчи республиканын мезгилинде экономика жогорулап, өнөр-жай жана тышкы соодада өзгөрүүлөр байкалган. 1987-жылы демократиялык оппозиция өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын койгон. 1988-жылы Демократиялык акыйкат партиясынын лидери, генерал — Ро Дэ У Алтынчы республиканын президенттигине шайланган. Алтынчы республиканын өкмөтү СССР (1990), КЭДР (1991), КЭР (1992) ж. б. социалисттик мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерди түзүп, 1991-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. 1991-жылы эки корей мамлекетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирине кол салбоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1993-жылы Ким Ён Сам президенттикке шайланып, коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. 1997-жылы президенттик шайлоодо демократиялык оппозиция лидери — Чжун жеңишке жетип, КЭДР менен болгон мамилелерди жөнгө салууга аракеттенген. 2000-жылы 13—15-июнда Пхеньянда корей мамлекеттеринин лидерлери Түндүк жана Түштүк Биргелешкен декларациясына кол койгон. Ким Дэ Чжундун тышкы саясатын кийинки президент — Но Му Хён (2003-жылдан) уланткан. Өлкөнүн президенти 2013-жылдан Пак Кын Хе болуп аягы түрмө менен бүткөн, азыркы президенти Юн Сок Ёль .
Которуп жазган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg