www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия империясы кыргыздар тарапка качан жыла баштаган?

Орусия империясынын кыргыздар тарапка жыла башташы он алтынчы кылымда башталган. Ошол мезгилдерде эле казак хандарына жакын Түмөн, Тобол, Том аймактарында Тюмень,Тобольск, Томск шаар-чептери курула баштаган. Чет жактагы душмандарындын аракеттеринен улам казак хандары Орусия империясы менен алака түзүүнү каалашып, 1717-жылы Петр-1 ге киши жөнөтүшөт. Ал мезгилде казак хандары бытыранды болуп: улуу, орто жана кичүү үч жүзгө бөлүнгөн. Чыгыштан Жунгар мамлекети түштүктөн Бухара, Хива, Кокон хандыктары  коркунуч туудуруп турган. Орус падышасынын казак хандарынын чыр-чатагына аралашкысы келген эмес. Арийне, 1726- жылы Абулхаир хан башкарган казактардын Кичүү жүзү Орусияга өздөрүнүн карамагына алуу өтүнүчү менен кайрадан кайрылышат. Бул өтүнүчтү Анна Иоанновна такка отуруп башкарып жаткан 1731-жылы ишке ашырып, Кичүү жүз менен Орто жүз казактарынын кээ бир бөлүктөрү Орусия империясынын карамагына өтүшөт. Жунгар мамлекети күчөп, «Казак кайың саап, кыргыз Кысарга көчкөн» убакта, 1741–1742-жылдары кыргыздар Ферганага ооп, казактар тукулжурап турган кезде, калмактардын колу Кичүү жүз казактарына чейин жеткен. Орус кошуундары өздөрүнүн карамагындагы казактарды коргоп калган. 1798-жылы Орусия империясына Орто жүз казактары толугу менен кошулган.

Айлуу түндө адам сезимин козгогон табият сырын аңдабаган жандар да жашашы мүмкүн. Ай чыккан сайын узун кыр коктуда, анын көлөкөсүн тек кылып, бир топ атчандар каалгый жай бастырып келатышты. Жигиттерин баштап келаткан Куттуксейит уулу Шамен эмнегедир терең ойго баткан, ойлуу түрү бар. Чукугандай сөз тапкан тетиктиги, кылычы суурулуп тургандарга сөзү менен тең келген кайра тартпастыгы үчүн Шаменди айлана-чөйрөсү аны жанга күч келгенде аралжа болчу тирек катары көрүшкөн. Аталаш агасы Ормон хан анын ушундай сапатынан улам тышкы иштерине көз салдырып, элчи катары кошуна хандыктарга жибере турган. Белге  бара турган жолдогу боз адыр ушул, адыр түбүндө уюп калган боз борчуктар, адырдын түбүнөн ылдый сабаалап куюлган шагыл, ошол шагыл арасында топ-топ көбүргөн жыбырайт. Борчуктарды жарып чыккан жапалак арчалар тармалданып таң алды  каралжын тартып турат.  

1867-жылдын жайы эле. Орус -кытай мамилеси курчуп, кытайлыктар  1860-жылы Бээжинде, 1864-жылы Чугучакта  түзүлгөн келишимди тааныбай турушту. Кытайлыктардын койгон талаптары  боюнча  он сегизинчи кылымда басып алган Жунгар мамлекетине тиешелүү аймактардын бардыгы Кытай мамлекетинин карамагына караш керек эле. Жунгар мамлекетин Кытай басып алып биротоло жанчып, кырышып Синьцзян аймагын түзүшкөн, калмактар учурунда  казактын улуу жүзүн, орто жүзүн жана кыргыз жерлерин басып алышып, казак менен кыргыздарды сүрүп салышкан. Өздөрү  карамактарына зордук-зомбулук менен алышкан бул жерлерди калмактардын ээлиги катары көрүшкөн.  Эми кытайлыктардын талабы боюнча калмактардын буту жеткен жердин бары  Кытай мамлекетиники болуш керек.

Ат туягы кетип бараткан чыйыр жолду тебелеп, боз адырды кыялап чыгып баратты, Шамен баштаган бул атчандар өрдү көздөй чыгып баратышты. Зор аска-зоонун арасынан жабалактап, кайра ошол таштын өзүн жаап-жашырып, жайыла өскөн жапалак арчанын жаңы өсүп келаткан жашыл тарамы, алар өтүп бараткан кыя жолдо төшөлүп жатат. Кыя жолдун азыр капкара көрүнгөн кызгылт таштарына  табыш таштаган ат туягы, жолдо төшөлүп жаткан арчаны баскан сайын дабышы да угулбайт. Арча арасынан кооз сарайгыр койкоңдоп, ошол жактан жылкычы чымчык ышкыра, тоонун сыдырым жели дирилдеп бетти сылайт.

1820 –жылдары Кокон ханынан запкы жеген Улуу жүз казактары, Орусия менен жакындашууну көздөп Чымкен менен Сайрамды кокондуктардан бошотот. Бирок, Кокон ханы тез эле кайра алып койот. 1818-жылы Улуу жүз казактарынын кээ бир уруулары Орусиянын карамагына өтүүгө аракеттерин баштайт, бул кадам отуз жыл уланган. 1846 -жылы Или дарыясынын жээгине чейинки Улуу жүз казактарын Орусия басып алат. 1853-жылы кокондуктардан Ак-Мечит чеби алынат, 1854-жылы Верный (Алматы) чеби курулуп, 1860-жылдары Кокон хандыгы талкаланып, бүт Жети—Суу аймагы Орусиянын карамагына өтөт.

Күңгөйдүн таштагында карагөк шыраалжын менен саргыч-бозомтук эрмен ушул таңкы  сыдырымга дирилдейт. Эңилчек баскан боз таш астынан шып чыга калган чакчыгай таш башына лып конуп, бу чөлкөмгө жарыкчылыктын  нурун сепчүдөй куйругун кыймылдатып турат. Шамен баштаган бул топ белдин жонуна чыга беришип, артта калган жолуна бир кылчайышып, бир саамга токтоп калышты. Жондон болор-болбос көрүнгөн түнкү караңгылыкта Сөң-Көлдүн бети капкара сезилип турду. Белдин жонунан ылдыйга салышты.

Шамендин оюу уйгу-туйгу. Анткени, 1860-жылы Бээжинде орус-кытай мамлекетинин ортосунда биринчи келишим түзүлгөн. Полковник Колпаковскийдин жетекчилигинде орус аскерлери 1862-жылы Пишпек чебин алат, солто жана сарыбагыштын тынай тармагы, көп узабай черик менен саяк   Орусия империясынын карамагына өтөт. Бугунун манаптары Колпаковскийден Текес жана Музарт тарапта Чын империясынан коргоп берүүсүн суранышкан. Орус аскерлери 1863-жылы Жумгал жана Куртка чебин алышкан. Орус аскерлеринин ийгиликтүү жылышы жана чүрчүттөрдө болуп жаткан элдик көтөрүлүштөр, Чугучакта 1864-жылы Кытай мамлекети менен жаңы келишим түзүүгө аргасыз кылган. Бул келишимдин негизинде кыргыздарды кытайлыктардан тоо кыркалары бөлүп калган. Арийне, бул келишимди кытайлыктар сактабай  жунгар мамлекетинин буту жеткен аймактардын барын Кытай мамлекетики катары таанып тургандыктан, ал жакты көздөй орус генералы Колпаковский кеткен. Эми Колпаковский кайтып келе жатыптыр, Шамендин шашылыш Соң-Көлдү көздөй аттанганы, Колпаковскийди тосуп алуу эле.

Соң-Көлдүн ажайып көрүнүшү чарт ачылды. Капкара сезилип жаткан көлдүн бети алыстан көпкөк нурга бөлөнүп турду. Көлдүн бети күнүнө түркүн түскө бөлөнүп, күн батаарда кыпкызыл түскө келет. Көл көк тиреген  тоолордун койнуна ажайып сулуулук тартуулап тургандай. Алыстан жапжашыл көлгө таң сүрүлүп баратты.

Бийик тоолор курчаган чөйрөдө тоолорго атаандаша көңүлүң да бийиктеп, ай-ааламга бийиктиктен тигилесиң. Шамен өз кезегинде тек гана ажаат ачкан элчилик милдетти гана аткарбастан, хандарга, уруу башчыларына тете мөөр кармап, айланадагы чектеш турган Кытай багытындагы башкаруучулар, Кокон кандыгынын өкүлдөрү, казак султандары менен алака түзгөндүгү дайын. Мындан эки ай илгери жакында эле 1867-жылы Жети-Суу облусунун  аскер губернатору болгон генерал  Герасим Колпаковский асман тиреген Чын империясы менен чек араларды тактоо үчүн кыргыз жергесин аралап Кытайга бараткан. 1858-жылдан Ала-Тоо аскер округун жетектеп казак менен кыргыздарды  Орусия империясынын курамына кошууда сиңирген эмгеги үчүн Ыйык Георгий, Ыйык Анна жана Ыйык Владимир ордендерине татыктуу болгон. Кыргыздын манаптары менен Улуу жүздүн төрөлөрүн  беш колунун салааларындай билген Герасим Алексеевич Кочкордон чыгып Жоон-Арык суусун бойлой келатканда эле Сары-Булактан Шамен манапка жолугуп кетүүнү боолголоп койгон. Сарыбагыш уруусунан Жантай баштаган Тынайлар орус империясына 1862-жылы кошулганы менен, Шамен, Үмөталы баш болгон  сарыбагыштар орус бийлигин тааныбай, алар менен кармашып, Ат-Башы тарапка ооп кетишкен. Герасим Колпаковский ортого киши салып  сарыбагыштар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Түндүк кыргыз жергесинин көпчүлүк бөлүгүн Чүй, Көл, Жумгал, Кетмен-Төбөнү орус  империясы ээлеп алган соң, жөн эле кармашуунун кереги жок экенин түшүнүп, сарыбагыштардын бир бөлүгү Шамен башында болуп 1865-жылы Кочкор өрөөнүнө келишет. Куттуксейит уулу Шамен Сары-Булак тарапты жердеп калат. Колпаковскийдин  Шаменге жолугушуусунун башкы максаты ак падыша, крепостнойлук укукту жоюп, дыйкандарга боштондук берген  Александр экинчинин тапшыруусу боюнча Түндүк  кыргыздарды Орусиянын карамагына толугу менен каратуу үчүн Үмөталы баш болгон сарыбагыштар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек эле. Бул ишке учурунда Ормон хандын кеңешчиси болгон, сарыбагыштын ири манабы Шамен гана жарамак. Шаменден башка адамды Үмөталы укпасын түшүнөт. Ошондуктан, Кытайга бараткан жолдо Шамен менен жолуга кетүүнү туура көргөн. Колпаковскийдин сестенип, жүрөгү өйүгөнү Шамен анын сөзүн угат болду бекен? 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Последние новости