www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги башкаруусу Украинадагы согушта Россиянын православдык Рождество майрамынан улам убактылуу ок атышпоо жарыялоо менен калыбына келүү үчүн убакыттан утууга аракет кылып жатканын билдирди. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Европа Биримдигинин Тышкы карым- катнаштар жана Коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеп Боррелль Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба менен телефон аркылуу сүйлөштү. Боррелдин кеңсесинен жасалган билдирүүдө сүйлөшүүдө согуш аянындагы акыркы абалдын талкууланганы белгиленди.

Билдирүүдө Россиянын акыркы жумалардагы кол салуулары, жарыялаган бир тараптуу ок атышпоого карама - каршы келгени, тынчтыкты орнотуунун жалгыз жолу орус аскерлеринин Украинадан чыгып кетиши экени белгиленди.

Билдирүүдө :«Мындай конкреттүү кадамдар жасалбаса, бир тараптуу ок атышпоо бир гана Россиянын калыбына келүү, аскерлерин кайрадан топтоо жана бузулган эл аралык аброюн оңдоо үчүн убакыттан утуу аракети катары каралууда»,- билдирилди.

Билдирүүгө караганда, Боррел Кулебага Европа Биримдигинин Украинага саясий, аскердик, экономикалык жана гуманитардык колдоо көрсөтүүнү улантуудагы чечкиндүүлүгүн да айтты.

Сүйлөшүүдө 23 -январда боло турган жана Кулеба да видеоконференцияаркылуу катыша турган Европа Биримдигинин министрлер жыйыны менен 3 -февралда өткөрүлө турган ЕвропаБиримдиги-Украина саммитинин даярдыктарынын да каралары билдирилди.

Россиянын президенти Владимир Путин Россиянын Коргоо министрлигине 6-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дөн баштап Украинада 36 саатка созулган ок атышпоо келишимин ишке ашырууну тапшырган.

Кремлден жасалган билдирүүдө ок атышпоо чечиминин православдардын Рождество мезгилинде диний жөрөлгөлөргө катышуусуна уруксат берүү үчүн чыгарылганы билдирилип, Украина тарабын да ок атышпоого чакырган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын ок атышпоо чечиминУкраина армиясынын Донбасстагы алдыга жылышына тоскоол болуу катары баа берген.

Последние новости