www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги, түрк жетекчилерин элдик добуш берүүдө кабыл алынган конституциялык өзгөртүүнүн ишке ашырылуусунда мүмкүн болушунча эң кеңири эл массасы менен макулдашууга чакырды.

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер, ЕБнин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаттары боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини менен ЕБи комиссиясынын кеңейүү боюнча жооптуу комиссары Йоханнес Хан, элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу бирглешкен жазуу жарыялашты.

Конституциялык өзгөртүүнүн жана өзгөчө да ишке ашыруусунун Түркиянын ЕБне талапкер өлкө жана Европа Консейинин мүчөсү катары жоопкерчиликтеринин  негизинде баа бере турганы айтылган жарыяда: «Элдик добуш берүүнүн жакынкы жыйынтыгы жана конституциялык өзгөртүүнүн кеңири жыйынтыктарына каралып, түрк жетекчилерин ишке ашырууда мүмкүн болгон эң кеңири эл массасын камтыган макулдашууну издөөгө чакырабыз»,делди.

АКШ болсо элдик добуш берүүнү кылдат байкагандарын, бирок азырынча сереп салбай тургандарын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости