www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште 12-апрелде жеңилдетилген насыялар боюнча кызуу талкуу болду. Азыркы тапта талаа жумуштары менен мал чарбачылыгына 10 пайыздан, кайра иштетүүгө 6 пайыздан насыялар берилүүдө. Мына ушул жерден белгилей кетчү жагдай, эки мамлекеттик банктын жалпы Кыргызстан боюнча насыя берүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Бирок эмнеге Өкмөт коммерциялык банктардын субцидировать этип, алардын капчыгына каражат салыш керекпи?

Жеке менчик банктарга берилген акчаларды мамлекеттик банктарга салса насыя алуучулардын саны көбөймөк. Орточо алганда, азыр насыянын пайыздык деңгээли 18-19 пайыз болуп жатса, Өкмөт коммерциялык банктары 21 пайыздык үстөк менен субцидиялоодо. Бул не деген акмакчылык. Элди ойлобой, өздөрүнүн капчыгын ойлогон өкмөт мүчөлөрүн жазага тартыш керек.

Азыр аймактардан дыйкандар: “Жазгы талаа жумуштары башталып калды, өкмөттөн бериле турган жеңилдетилген насыядан кабар жок. Барсаң кезекке турасың, ал кезеги менен насыя жай келет, жайында насыянын кереги канча. Эмнеге 10 пайыздык жеңилдетилген насыяны алганга акча жок да, ал эми пайызы жогору болгон насыяга акча бар”, – деп нааразы болушууда.Ушул насыя берүү тармагын тиешелүү органдар таразалап, алкымы бузук аткаминерлерди тазалап, тиешелүү чара көрүшү керек…

Булак: Фабула

Последние новости