www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Европалык компаниялардын банкроттук деңгээли акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй өсүп, бирок ага карабастан Евробиримдик өз экономикасынын кургуйга кулап баратканына кайыл болуп Украинаны каржылоосун улантып жатканы байма-бай талкууланып жатат.
Башкача айтканда, Украинага курал-жарак, финансылык жардамдын түбү көрүнбөй, Европа өлкөлөрүндөгү бизнес болуп көрбөгөндөй жоготууга учурап жатканы, кымбатчылыктын өөрчүшү элдин нааразычылыктарын күчөтүп жатканы айтылууда.
Буга кошумча, антироссиялык санкциялар ЕБге ири зыян алып келип, экономикага оор сокку болгонун эксперттер белгилешүүдө. Себеп дегенде,
Батыш мамлекеттери Москвага санкция киргизип, россиялык отундан баш тарткандан кийин энергоресурстун кымбатташына туш болушкан. Күйүүчү майдын, өзгөчө газдын баасынын көтөрүлүшү менен Европанын өнөр жайы катуу жабыркап, мунун таасири экономиканын башка тармактарына да тийген.
Булак: NazarNews.kg