www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абактагы саясатчы Азимбек Бекназаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасады.
Азимбек Бекназаровдун кайрылуусун төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
"Урматтуу Владимир Владимирович!
Акыркы мезгилдерде "Россияда эмгектенип жүрүшкөн жүз миңдеген Кыргызстандык эмгек мигранттары жапырт (оптом) депортацияланып жатат" - деген маалымат кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланууда.
Депортациянын себеби катары: "Депортацияны Россия Кыргызстанды эл аралык милдеттенмелерин аткартуу үчүн "рычаг" катары колдонууда" - деген пикирлер да бар.
Тарыхы бир кыргыз жана орус элинин бир туугандык, достук мамилеси жүздөгөн жылдар менен эсептелет.
Ушул мезгил ичинде эки эл нечендеген даңазалуу, кайгылуу тарыхий окуяларды бир туугандай катар туруп, баштарынан бирге өткөрүштү.
Башкасын айтпаганда да, кыргыз эли 1924-жылы заманбап Кыргызстан деген мамлекетин, анын чек ара аймактарын Россия менен биргеликте аныктаганын, 70 жыл эки эл "совет эли" аталып, "СССР" деген эң күчтүү, социалдык теңчилиги бар мамлекетти бирге куруп, бирге жашаганын кантип унутабыз?!
1991-жылы эки эл өздөрүнүн эгемендүүлүгүн жарыялап, көз карандысыз мамлекеттерге да бир туугандарча, биргеликте бөлүнгөнбүз.
Ал тууралуу сиз ар-дайым белгилеп жүргөндөй: "СССРдин кыйрашына кейибеген адамдын жүрөгү жок, СССРди кайра курам деген адамдын мээси жок ..." демекчи, жүрөгү да, мээси да бар кыргыздар аз эмес. Анткени Москваны коргоп, танк алдына боюн таштаган, Дон дарыясын сүзүп өтүп, дзотко төшүн тосуп курман болушкан Советтер Союзунун баатырлары Д.Шопоков менен Ч.Түлөбердиевдин балдары, неберелери бүгүн Россияда "чет элдик" аталып жатса, жүрөгү, мээси бар адамдар ар-кандай ойго келет да.
Формалдуу мамлекеттер аралык документтерде бекитилгенден башка орус-кыргыз элинин достугу, бир туугандыгы, өз ара катнаштары, мамилелери тарыхий салтка айланып кеткен.
Анын тамыры мезгил-мезгили менен келип, кете турган мамлекет башчыларынын, саясатчылардын жүргүзүшкөн саясаттарынан, кол коюшкан Декларацияларынан миң эсе терең жана бекем. Ал түбөлүктүү.
Кыргыздын чыгаан акыны А.Осмонов орус жана кыргыз элинин бир туугандыгы жөнүндө мындан 86 жыл мурда:
Эй, Россия, Россия, бир боор энем!
Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,
Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм,
Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен - деп, ташка тамга баскандай белгилеп кеткен.
Урматтуу Владимир Владимирович!
Кыргыздар жумуш издеп Россияга баргандай, бир дагы чет өлкөгө барышпайт. Себеби көпчүлүк кыргыздар дагы деле Россияны экинчи мекени катары эсептейт.
Сизди биз акыркы мезгилде дүйнөнү ушунчалык тездик менен өзгөрүп жаткан, глобализация саясатында бир полярдуу дүйнөнү, көп полярдуу дүйнө кылып өзгөртүү саясатын жүргүзүп жаткан эки саясатчынын бирисиз - деп эсептейбиз.
Азыр бир тууган Украин жергесинде жүрүп жаткан Россия-НАТО "согушу" учурунда, албетте Россияда бекем ынтымак, тартип, мекенчилдик жана мыйзамдуулук талап кылынаарын да туура түшүнөбүз.
Эгерде Россияда эмгектенип жүрүшкөн Кыргызстандыктардын жапырт депортацияга кабылышына, азыркы Кыргызстандын бийлигинин эл аралык келишимдерге ылайык, Россиянын алдында милдеттенмелерин так аткарбаганы чындап эле себеп болуп жатса, ага эмгекчил карапайым Кыргызстандыктардын, жалпы элдин эч бир күнөөсү, тиешеси жок.
Депортация жана башка "саясий рычагдар" жалпы элге зыяны тийбегендей, ким Россиянын мыйзамдарын бузса, эл аралык милдеттенмелерди аткарбаса, ошолорго адрестүү, конкреттүү колдонушу керектигин мекенчил, укукчул жана мамлекетчил улуу саясатчы катары сизди туура түшүнөт деп ойлойбуз.
Бирок ал "рычагдардын" кесепети эч качан карапайым орус, кыргыз элине тийбеши керек. Эгерде колдонулса конкреттүү мамлекеттик чиновниктерге адрестүү колдонулушу эки элге тең пайдалуу болот.
Азыр Москвада, Совет доорундагы Кыргызстандын 70 жылдык элдин байлыгын талап-тоноп, элдин менчиги болгон жер, суу жана кен-байлыктарды чет элдиктерге "сатышып", "сатпа" деген элди атып, мамлекетти үй-бүлөсү менен өз менчигиндей башкаргысы келген, мезгилинде Москваны аша секирип, "Кыргызстанды Америкага, Швейцария айлантам" - дешкен кыргыздын Березовскийлери, Ходорковскийлери, Чубайстары жүрүшөт. Азыркы Россияда иштеп жүрүшкөн жүз миңдеген (мүмкүн млндогон) Кыргызстандыктар ошолордун жүргүзгөн либералдык саясатынан улам жумушсуз калышкан.
Урматтуу Владимир Владимирович!
Ошол Кыргызстанды ушул абалга салып кетишкен "коррупционер-саткын", "ууру" качкын Кыргызстандын мурдагы президенттерин, Өкмөт башчыларын, башка чиновниктерин Москвадан кармап, баарын бир автобуска "оптом" салып, Россиядан чыгарып салсаңыз Кыргызстандын көпчүлүк эли сизге ыраазы болушат эле.
Сизди урматтап,
Мыйзамсыз камакта отурушкан Кыргыз саясатчылары (Кемпир-Абадчылар):
1. А.Бекназаров
2. К.Кадыров
3. А.Акматов
4. А.Бузурманкулов
5. И.Сарылдык уулу (Шаменов) ж.б.
Бишкек шаары, СИЗО-21, 25.08.2023-жыл".
Булак: NazarNews.kg