www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулук районунда коррупцияга шектелип “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнүн, архитектура жана айыл өкмөттүн жооптуу кызматкерлери кармалып, 26 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдан азыркы учурга чейинки мезгилде Сокулук районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин, архитектура жана Новопавловка айыл өкмөттөрүнүн кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнө пайда көрүү максатында Сокулук районунун Ак-Ордо жаңы конушунун №481-1 контурунда жайгашкан "Э" жана "Ж" кварталдарынын башкы планына атайылап туура эмес маалыматтарды киргизишип, натыйжада кошумча 43,2 га жер тилкесин бөлүп, аны 5 соткадан бөлүштүрүп, 614 жаранга жеке турак жай куруу үчүн сатып жиберишкен. Ошентип, алар мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КЖКнын 336-беренесинин негизинде (Коррупция) кылмыш иши козголуп, тергөө иштерин жүргүзүү Чүй ОИИББинин Тергөө кызматына тапшырылган.

Кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 336-беренесинде каралган (Коррупция) кылмышка шектелип, Сокулук районунун "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин жана архитектура бөлүмүнүн бир катар кызмат адамдары, Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнүн кызматкерлери мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы бир катар жарандар менен кылмыш жасоо боюнча туруктуу байланыш уюштурушкандыгы үчүн кармалышкан.

Тергөөнүн жыйынтыгында жалпысынан 26 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылып, айыптоо корутундулары Чүй облусунун прокуратурасы тарабынан бекитилип, соттук кароого жиберилген.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости