www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан аткезчилик жүк алып келүү фактысы боюнча кармалган башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазды.

Маалым болгондой, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн УКМКнын тергөөчүсү келтирген.

Бул ишке тиешеси бар дагы бир адам да камактан бошотулду.

Кылмыш ишинин тергөө иштери аягына чыга электиги белгиленди.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында Кытайдан аткезчилик жол менен товар алып келген деген шек менен бажы кызматкерлери жана ишкерлер кармалган. Андан кийин УКМК кармалгандардын арасында жогорку кызматтагы адамдардын жакындары бар экенин билдирген. Ал башкы прокурордун кайниси экени белгилүү болгон. Мамлекетке болжолдуу түрдө 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

 

Последние новости