www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда социалдык маанидеги объектилерди курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун аймагындагы коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Турак жай-курулуш депатаментинин алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында, "Турак жай-жарандык курулуш департаментине" караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары башкы подрядчы жана башка кызыкдар тараптар менен сүйлөшүп алып, Талас облусунун Кара-Буура районундагы "Чоң Кара-Буура айылындагы суу өткөргүч жана суу түтүктөрү" объектинин курулушу үчүн аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалоо менен, курулушка бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматынын корутундусуна ылайык, мамлекетке 1 191 670 сом өлчөмүндө зыян келтирилип, учурда анын орду толук толтурулду.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдардын укук бузууларын аныктоо жана көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катышкандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости