www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасындагы бир катар республикачылар сентябрда президент Жозеф Байдендин импичменти боюнча процедураны баштоо керек деген маселени көтөрүүдө. Бул тууралуу РИА Новости Hill басылмасына таянып кабарлады.
Буга чейин аталган палатанын өкүлү Маржори Тейлор Грин Байдендин импичментинин процедурасынын алкагындагы иликтөө сентябрда башталышы мүмкүндүгүн айткан.
"Азыр болбосо качан? Бизде импичментти өткөрүү үчүн... жетиштүү далилдер топтолгон", — деген АКШнын Түштүк Каролина штатынан өкүл болгон республикачы Ральф Норман.
Гезит муну менен катар эле республикачылардын бир нечеси импичмент маселесин карап баштоо боюнча олку-солку болуп турганын белгилеген.
"Кызматтан кетирүүнүн алкагында иликтөө жүргүзүү үчүн олуттуу кылмыш кылганы же тартип бузганы боюнча жөн эле боолголоо эмес, так далилдер керек. Аны башташ үчүн бизде конкреттүү далилдер болушу шарт", — деген Hill басылмасына берген маекте Небраска штатынын өкүлү республикачы Дон Бэкон.
Буга чейин АКШнын өкүлдөр палатасынын спикери Кевин Маккарти республикачылар чогулткан маалыматтардын негизинде Байдендин импичменти боюнча маселени көтөрсө болорун билдирген эле.
Маккарти Жозеф Байден менен анын баласы Хантердин коррупциялык иштерге тиешелүүлүгүнүн ыктымалдуулугу иликтөөнү баштоого жол ачарын айткан. Конгрессчи мындай процедура АКШнын мыйзам чыгарган органынын Америка лидерине карата зарыл болгон процедураны жүргүзүү үчүн маалымат топтоого өбөлгө болорун белгилеген.
Булак: NazarNews.kg