www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү коомдук ишмер Карганбек Самаковдун 61 миллион 185 миң сом салык төкпөй келе жатканы бир нече күндөн бери социалдык тармактарда жазылып, кызуу талкууланып жатат.
Мынчалык ири суммада салыкты төкпөй карыз экенине коомчулукта ачуу сындар айтылды. Жөнөкөй карапайым жаран жол эрежесин бузуп, миң сом айып пулу болсо, аны баса калып төлөткөн органдар эмнеге 61 185 045 сом карызы бар Самаковго көңүл бурушпайт деген суроо кабыргасынан коюлду.
Тилекке каршы, бул боюнча Салык кызматы дагы, карызы бар делген Карганбек Самаков да ак же көк деп үн катпай билмексен болуп коюшту. Сыягы, үндөбөгөн үйдөй балээден кутулуптур деген позицияны карманып жатышат өңдөнөт.
Ырасында, Самаковдой мекенчил патриот саясатчы башкаларга дагы үлгү болуп, мамлекет алдындагы милдетин кынтыксыз аткарууга тийиш эмеспи. Болбосо өзүнө жана айланасындагы жакын адамдарына сөз тиери турган иш.
Дегенибиз, мына Карганбек Самаковдун баласы Кубанычбек Самаков бир мандаттуу Ленин райондук шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкерлигин коюп ат салышып жатат.
Буга байланыштуу, "элдин жүгүн көтөрө турган жигит алгач атасынын мамлекет алдындагы жарандык милдетин аткартып, карызын төлөтүп, анан акыйкаттык, мыйзамдуулук, мекенчилдик тууралуу акыл айтпайбы" деген сындар айтылып жатат.
Булак: NazarNews.kg