www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин телефондук сүйлөшүүсү боюнча АКШнын негизги европалык союздаштарына алдын ала кабар берилген эмес деп билдирет Bloomberg агенттиги эки европалык аткаминерге шилтеме берип.
Шаршемби күнү Трамп менен Путин узакка созулган телефондук сүйлөшүү жүргүзүп, Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо тууралуу макулдашышты. Трамп Путин менен согуштук аракеттерди токтотуу зарылдыгын талкуулагандыгын белгилеп, кийинчерээк бул сүйлөшүү жөнүндө Владимир Зеленскийге маалымат берген.
"Тизелеп жалынууга аргасыз кылат". АКШда Путин менен Трамптын сүйлөшүүсүнөн кийин билдирүү жасалды.
"Европалык аткаминерлер Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнө таң калышты – бул олуттуу дипломатиялык кадам болуп, негизги союздаштарга кабар берилген эмес", – деп жазат агенттик.
Макалада дагы бир европалык Украина колдоочусу Трамптын аракетин "чыккынчылык" деп атап, АКШ сүйлөшүүлөр баштала электе эле Орусиянын негизги талаптарына баш ийип жаткандай таасир калтырганын билдирди.