www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук жана Түштүк Европанын аймактарын каптаган күчтүү бороондун кесепетинен 12 адам каза болду. Бороон жана нөшөр Европа континентине бир нече жумага созулган анормалдуу ысыктан жана кургакчылыктан кийин келди.
Акыркы маалыматтарга караганда, катуу бороон кеминде үч баланын өмүрүн алды. Урагандардын курмандыктары Италия менен Австриянын, ошондой эле Франциянын Корсика аралынын тургундары болушкан. Көбүнчө өлүм дарактардын кулашы менен байланыштуу.
Корсикада ылдамдыгы 224 км/саатка жеткен шамал дарактарды жулуп, турак үйлөргө зыян келтирген.
Абал курчуп кетүү коркунучунан улам шаарлардан 13 миңге жакын адам эвакуацияланган, бирок жума күнү эртең менен жергиликтүү бийлик түн салыштырмалуу тынч өткөнүн билдирди.
Булак: NazarNews.kg