www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токаев менен Путиндин ортосуна жара бар сыяктуу. Токаев Путин менен акыркы жолу ушул жылдын 17-июнунда Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда жолуккан. Форумда Токаев Донецк жана Луганск элдик республикаларын квазимамлекеттер деп атап, Казакстан алардын көз карандысыздыгын тааныбай турганын билдирген. Ошондон көп узабай эле Дмитрий Медведев Казакстан тууралуу түшүнбөгөн материалдарды жарыялады. Ачык асман бүркөлүп чагылган чартылдагандай эле болду. Жөндөн-жөн туруп эле Дмитрий Медведевдин Казакстанга асылып киргени ар кандай ойду жаратты. Кээ бирөөлөрдөн Владимир Путин Касым-Жомарт Токаев менен дурус эмес, ошондуктан 2022-жылдын 12 июнунда Назарбаевди кабыл алып, эми Токаевге каршы турат деген кептер чыкты. Орусия казактардын Орусия менен чектешкен алты облусун көздөп турат. Украинадан соң казактардын жерин алууга умтулат, Назарбаев өз кара жанын сактап эгер кайрадан президент болсо Казактардын алты облусун Орусияга берүүгө даяр. Ошондуктан Медведевге казактарды жамандоого көрсөтмө берди деген имиштер чыкты.

Анын жазгандарына кайрылып көрөлү. Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин «Вконтакте» социалдык тармагындагы баракчасында Казакстан тууралуу маалымат жазды. Билдирүүдө Казакстан Орусия империясынын аркасы менен пайда болгону айтылат. «Казакстан — жасалма мамлекет, орустардын мурдагы жери, мисалы, Гурьев, Семипалатинск шаарлары. Жада калса Алматы калаасы 1924-жылга чейин Верный деп аталып келген. 21-кылымда Казакстандын бийлиги республиканын ичинде ар кайсы улуттагы адамдарды бири-бири менен аралаштырып баштады, муну орустарды жок кылып жатат деп атасак болот. Биз буга көз жумуп тура албайбыз. Ал жакка орустар бармайынча, тартип болбойт», - деп айтылат билдирүүдө.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакында 19-августта Сочиге барды. Аны Бочаров Ручейдин резиденциясында өлкөнүн президенти Владимир Путин кабыл алды. Кремлдин басма сөз кызматы мурдараак маалымдагандай, жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду улантуу жана Орусия-Казакстан стратегиялык өнөктөштүгүн жана кызматташтык мамилелерин мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда. Мындан тышкары, Кремль кошумчалагандай, интеграциялык бирикмелердин, анын ичинде Казакстан быйыл төрагалык кылып жаткан КМШ алкагындагы эки тараптуу кызматташуу маселеси да талкууланат. Казакстан президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн актуалдуу маселелери, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Казакстан Республикасынын президенти КасЫм-Жомарт Токаев Владимир Путинге октябрь айында Казакстанда өтө турган КМШ саммитине жеке өзү катышууга үмүттөнөрүн жана казак-орус мамилелерин өнүктүрүүгө чечкиндүү экенин билдирди. Быйыл КМШга Казакстан төрагалык кылууда. Шериктештиктин саммити октябрь айында өтөт. Биз сиздин жеке катышууңузга терең ишенебиз, өзгөчө Орусия биздин кызматташуунун приоритеттүү багыттарынын бири болгон КМШда маанилүү ролду ойнойт. Геосаясий кырдаалдын өзгөчөлүгү өкмөттөргө кошумча тапшырмаларды берүү үчүн «сааттарды синхронизациялоо» зарылдыгын көрсөтүп турат.

Мамлекет башчы ошондой эле өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса белгиледи: «Албетте, биздин кызматташтыктын келечеги тууралуу пессимисттик божомолдорду айтууга эч кандай негиз жок. Казакстандын президенти катары мен жеке өзүм бардык багыттар боюнча кызматташуубузга кошумча дем берүүнү чечтим. Өнөр жай кооперациясы азыр бизди кубандырган олуттуу натыйжаларга жетишүүдө», - деп кошумчалады Казакстандын президенти. Мындан тышкары, ал Казакстан менен Орусияны дүйнөдөгү эң узун кургактыктан чек ара бириктирип турганын эске салды. «Баса, чек ара толугу менен делимитацияланды, - дейт Токаев.

Кошумчалай кетсек, Казакстан Батыштын айрым санкцияларын колдоого даярданып жаткан: июлдун башында Казакстандын Каржы министрлиги санкциялык тизмеге кирген товарларды Орусия менен Беларуска жеткирүүгө тыюу салган буйруктун долбоорун коомдук талкууга жарыялаган. Бул тууралуу 6-июлда Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков комментарий берип, азырынча эч кандай чечим жок экенин жана “өкмөттөр тынымсыз байланышта” деп билдирди. Андан кийин документти кабыл алуу тууралуу билдирүү болгон эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости