www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Евровидение” сынагын швециялык ырчы Лорин утту

Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында “Евровидение — 2023” музыкалык сынагы аяктап, швециялык ырчы Лоринди жеңүүчү деп аташты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Ал эми экинчи орунду финляндиялык рэпер Käärijän ээлесе, үчүнчү байгени Израилден барган Ноа Кирель утту.

Лорин ушуну менен экинчи ирет “Евровидение” сынагынын баш байгесине ээ болуп жатат. Биринчи ирет 2012-жылы уткан эле.

Быйыл аталган конкурс Украинада өтүшү керек эле, себеби былтыр украиналык Kalush Orchestra тобу жеңген болчу. Бирок уюштуруучулар коопсуздук маселесинен улам Англияда өткөрүү чечимин кабыл алган. Россиядан ырчылар барган эмес, себеби өткөн жылдын февралында аны катышуудан четтетишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости