www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизге жеткен маалыматтарга караганда жакында Шаршен Термечиков атындагы Чүй драма театры ачылат. Бул боюнча Министрлер кабинетинин чечими чыкты.

Натыйжада, "Октябрь" кинотеатры Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театры болуп аталып, жакынкы аралыкта президенттин катышуусунда расмий ачылышы болот.

Бул жакшы саамалык, маданий тармакты көтөрүү жаатында оозго алаарлык иш десек болот. 

Бирок, бул "Октябрь" кинотеатрын актриса Ырыс Жоомартова толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, эми иштетип баштаарда, Маданият министрлиги талашып, тоскоолдуктарды жаратып жатканы айтылып жатты эле. Кеткен чыгым, мээнет, бул жагы кандай чечилди болду экен?

Айткандай, Чүй облустук драма театрына аты коюлуп жаткан Шаршен Термечиков ким экенине кыскача токтолуп кетели?.. 

Шаршен Термечик уулу (Шаршен Термечиков) (1896-1942) - кыргыз ырчы, комузчу, элдик куудул, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1941).
1896-жылы Чүй боорундагы Сокулук районундагы Көнөк (Токбай?) айылында дүйнөгө келген. 

1931-1939-ж. Кыргыз драма театрында, кийин өмүрүнүн акырына чейин Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.

Турмуштагы, айрыкча кыргыздын эски каада-салтындагы кемчиликтер, жакыр турмуш, кишилердин терс жоорук-жосундарын, аткаминерлердин алдым-жуттумдугун, жалкоо, жатып ичерлерди өз башынан өткөргөн окуя, өз кемчилиги катары элге тартуулаган куудул болгон. Шаршен Термечиков тууроочулук (имитатор) өнөрү менен да таанымал куудул. Куудулук таланты теңдешсиз бул адам Кыргызстанда туңгуч ирет «Жалгыз актер театрын» жараткан. Юморлору өзүнчө китеп болуп чыккан. Көптөгөн сыйлыктардын ээси.

Шаршен Термечиковдун “Сыртына кайырма”, “Ичине кайырма”, “Кантың бар” сыяктуу элге белгилүү ырлары да бар.

Булак: NazarNews,kg

Последние новости