www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда сел жүрүп, 15 үйгө суу кирди

Кечээ, 14-май күнү саат 02:30 чамасында Базар-Коргон районунда болгон катуу жаандан улам Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Карача айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Ат-Кол чегинен түшкөн суу агындылары арыктан ашып 15 турак үйдүн короо сарайларына кирген. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок. Жеринде айыл өкмөт кызматкерлери, райондук ЖК кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан короого толуп калган сууларды суу сордуруучу мотопомпа менен чыгаруу иштери, райондук СЭК борборунун атайын бригадасы тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрүүдө. Ошондой эле, айыл өкмөттүн тийиштүү адистерине тазалоо иштери боюнча тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости