www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаровдун Facebook жана Instagram расмий баракчаларынан уу коргошун жөнүндө жазган билдирүүлөрү өчүрүлдү.
15-апрелде өлкө башчысы коронавирус менен ооругандарды уу коргошун менен дарылоону сунуш кылган билдирүү жарыялаган. Бул ата мекендик дарыгерлер иштеп чыккан уникалдуу ыкма экенин айткан.
Андан кийин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев COVID-19дун экинчи толкунунда бейтаптар Ысык-Көл тамыры менен дарыланганын мойнуна алып, бирок ал жөнүндө сөз болбогонун билдирди.
Бирок бүгүн президенттин жазган билдирүүсү жок болуп кетти. Анткени Фейсбук клиникалык сыноодон өтпөгөн дарыны жарнамалоого тыюу салат. Президенттин басма сөз кызматы азырынча бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.
Булак: NazarNews.kg