www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйналышы өттү.
Анын башында депутат Евгения Строкова күн тартибинен саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү бардык маселелерди алып салууну сунуштады.
Ал бул маселелер Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин катышуусунда каралат деп күн тартибине киргизилгенин белгиледи.
«Мен түшүнүп жатам, анын маанилүү тапшырмасы бар, ал аконитти өнүктүрүп жатат. Ал ведомствонун башчысы. Мен саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү маселелерди кийинки жыйынга жылдырууну сунуштайм. Ал (ред. А.Бейшеналиев) эл алдына чыгып, депутаттар ким экенин айтууда. Мен дагы бир жолу кайталайм, биз - эл өкүлүбүз. Биз кийинчерээк анын ким экенин карайбыз», - деди Строкова.
Өкмөттүн өкүлү Алымкадыр Бейшеналиев иш сапары менен Ош шаарына кеткенин, ал жакта оорукананын ачылышына катышарын билдирди.
Ал эми депутат Жанар Акаев учурда аракеттеги Баш мыйзам менен жашап жатканыбызды, президенттик башкаруу формасына өтө элек экенибизди белгиледи.
«БШК расмий бүтүмгө келип, референдумдун жыйынтыгын жарыялагандан кийин президенттик башкаруу күчүнө кирет. Азыр парламенттин күчү бар, биз парламенттик-президенттик башкаруу доорундабыз. Азыркы өкмөт - парламенттин өкмөтү. Жоопкерчиликтин баарын биз алышыбыз керек. Ушуну эске алуу менен бүгүнкү күн тартибине министр Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөөнү сунуштайм. Бул бир гана парламентке мамилеси үчүн гана эмес, ал өзүнүн соңку аракеттери менен жалпы кыргыз медицинасын бүт дүйнөгө уят кылгандыгы, табыпчылыкты колдоп жаткандыгы, «уу коргошун» менен элибизди дарылайм дегени, ошону пропаганда кылганы, дүйнө жүзүндөгү маалымат каражаттары бизди, анын ичинде президентти баш кылып шылдыңдап жазып жаткандыгы өлкө үчүн кедергисин тийгизген окуя болду. Бизде эмне дарыгерлер жокпу?
Кыргыз медицинасын так ушул министр уят кылды. Ушул күндөн баштап табыпчылык күчөп, аны биздин мамлекеттик телеканалдар пропаганда кылып жатат. Мына ушул министрдин эң чоң катасы. Дүйнөдө илимдин адамдары таппай жаткан нерсени, мына деп, бул күлкү. Анткени далилдей албайт ал. Эгерде адам жакшы болуп кетсе, «уу коргошундан» жакшы болуп кетти деп коет, бирок өлүп калса, коронавирустан өлүп калды деп коет. Эч ким жооп бербейт.
Анын үстүнө комитеттин жыйынына 2 жумадан бери келбей жатса, биз премьер-министрге сунушташыбыз керек, кызмат ордунан алып, анын ордуна сабаттуу, компетенттүү министрди дайындашы керек. Ушуну добушка коюп бериңиз», - деди Жанар Акаев.
Ал бүгүнкү жыйында бир дагы маселени карабай, министрдин кызмат ордун гана кароону, ага ишеним көрсөтпөөнү сунуштады.
Анын сунушун башка депутаттар колдоду.
Булак: NazarNews.kg