www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди жана «7-канал» телекомпаниясын сотко берди. Бул тууралуу жергиликтүү басылардын бири саясатчыга таянуу менен жазды. 

Маалыматка ылайык, сотко арыз эки ай мурда берилген, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Куловдун айтымында, «7-канал» анын Чехияда отели бар экени тууралуу маалымат таратып, 17 аскердик учактын сатылып кетишине айыптаган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевге эфирден сөз берген.

Саясатчынын белгилешинче, эгер Чехияда мүлкү табылса аны каалаган кишиге өткөрүп берүүгө даяр, ал эми аскердик багыттагы учак Кыргызстанда эч качан болгон эмес:

«Айтылган сөздөрдү өзүбүзчө жеке лингвистикалык экспертизага бердик. Сот мамлекеттик экспертизага берүү керектигин айтты. Эки отурум болду, бирок Тургуналиев да, «7-каналдын» журналисттери да келе элек. Биринчиден, менден кечирим сурасын, экинчиден, төгүндөсүн деген эки талап койдум. Ошол жетет мага», -деген Кулов. 

Феликс Кулов адегенде Тургуналиевге 10 миң долларлык доо коймой болгонун, бирок «аксакалдын жашоосун татаалдаштырбоону» чечкенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости