www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандагы "Мурунтоо" дүйнөдөгү эң ири алтын кени деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, "Kitco" компаниясынын адистери 2020-жылы алтын кендерине рейтинг жүргүзгөн. Ага ылайык, жылына 2 миллион унция же 57 тоннага жакын алтын өндүргөн Өзбекстандын Навои облусундагы "Мурунтоо" кени биринчи орунду ээлеген.

"Адистердин баамында, "Мурунтоодогу" алтындын запасы 150 миллион унциядан ашат. Кендин узундугу 3,3 километр, туурасы 2,5 километр жана тереңдиги 600 метр. 150 миллион унциядан ашуун запасы бар Мурунтоо жакынкы келечекте дүйнөдөгү эң ири алтын кен макамын сактап калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Рейтинг боюнча кийинки орунда АКШдагы "Карлин" жана Орусиядагы "Олимпик" алтын кендери турат.

Белгилей кетсек, "Мурунтоо" кени 1958-жылы советтик геофизиктер Юрий Мордвинцев жана Петр Храмишкин тарабынан ачылган. 1969-жылы бул жерде өнөр жайлык алтын казуу башталган.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости