www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 15-мартынан тарта Түркияга келген чет элдиктер, анын ичинде өлкөнүн жарандары, келгенге чейин 72 саат мурун ден-соолугу жөнүндө маалыматтарды камтыган электрондук анкета толтурушу керек. Эгер бул форма толтурулбаса, анда аларды учакка киргизүүгө болбойт.

Ага чейин жүргүнчүлөр учактын бортунда берилген кагаз түрүндөгү анкеталарды толтурушат.

"2021-жылдын 15-мартынан баштап Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Түркияга учуучу бардык рейстерде (транзиттик рейстерден тышкары) кагаз түрүндө COVID анкетасын толтуруу талабын алып салат. Анын ордуна бардык өлкөлөрдүн жарандары үчүн (анын ичинде Түркия) төмөнкү талаптар коюлат:

жүргүнчүлөр бул веб-сайт аркылуу Түркияга учаардан 72 саат мурун анкетаны толтурушу керек https://register.health.gov.tr/;

жүргүнчүлөр толтурулган арызды басып чыгарышы керек же аны шайманга жүктөп алышы зарыл (смартфон, планшет ж.б.);

жүргүнчүлөр аэропорттогу авиакомпаниянын кызматкерине басып чыгарылган же жүктөлгөн анкетаны берүүгө милдеттүү. Анкетасыз учакка отурууга тыюу салынат. Өзбекстан Республикасынын Стамбулдагы Башкы консулдугу дагы кырдаалды өзбектерге эскертти.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости