www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Кумтөр боюнча оор маселе көтөрүлүп, бир топ иштер орун алды. Бирок аягына жетеби? Акыры эмне болот? Коркунуч көптөй...

- Кумтөр боюнча биздин мамлекеттик комиссиянын иштерин толук колдойм. Абдан эле туура иш кылышты. Баары жакшы чечилсе, элибизге пайдасы чоң болот. Жалаң гана оң баа берем жана мындан аркы иштерге ийгилик каалайм. Садыр Жапаров Кумтөр үчүн күйүп-бышып түрмөгө чейин жатып чыкты. Эми президенттик такка отурганда абдан чечкиндүү кадам таштады.

- Аскар Акаевдин убагынан берки күнөөлүүлөрдүн тизмеси жарыяланды. Сиз кошуласызбы?

- Канчалаган чиновниктердин ысымдары аталып жатат? Бирок баарын тергөө иштери далилдейт. Мен алгачкы президент Аскар Акаевдин маегине көз жүгүрттүм. Ал киши «менин Кумтөр боюнча күнөөм жок» деп Акылбек Жапаровду айыптап чыкты. Актанды. Биздин саясатчылардын кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экени экинчи маселе.

Биринчиден, Кумтөрдүн ишин, алтын маселесин алга жылдырып, өлкөгө пайда келтирүү. Азыр кандай болуп кетет белгисиз болуп турат. Бирок адистер гана иш алып баруулары шарт. Кумтөрдүн иши токтоп калбаш керек. Кумтөрдүн жетекчилиги, мыкты инженерлер иштен кетсе ким иштейт? Төңкөрүш жасагандар Кумтөргө келип алышса, эмне иш аткарышат?

Ошондуктан, өкмөттөн жакшы көзөмөл керек. Сот кандай уланат, арбитраж кандай болот – бул юристтердин жумушу. Буюрса жакшы чечилет.

Булак: Азия News гезити

Последние новости