www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары, мурдагы санариптик өнүктүрүү министри Азамат Дыйканбаев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Дыйканбаев 20-июлга чейин УКМКнын абагында камакта болот. Ал пара опузалоого айыпталууда.

Дыйканбаевдин үстүнөн «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашырып жаткан чет элдик компаниянын өкүлү арыз жазган. Тергөөнүн маалыматына караганда, Дыйканбаев келишимди аткаруу мөөнөтүн жылдыруу маселесин чечип берүү үчүн пара талап кылган.

Эскерте кетсек, Дыйканбаев кечээ, 20-майда министрлер кабинетинин төрагасынын мурдагы орун басары — санариптик өнүктүрүү министри кызматынан бошотулду. Дыйканбаев аталган кызматка эки жума мурун 5-майда дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости