www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 26-январынан тарта Фергана – Кувасой – Кызыл-Кыя эл аралык каттамында кичи автобустар каттай баштады. Бул тууралуу УзА билдирди.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2020-жылга чейин жеткиликтүү болгон бул кызмат пандемия учурундагы чектөөлөргө байланыштуу токтотулган. Жалпы узундугу 39,5 км.

Маршруттук таксилердин кыймылы эртең мененки саат 7:20да Кызыл-Кыя жана Фергана шаарларынан башталары пландалууда.

«Келечекте калктын муктаждыктарын жана суроо-талаптарын эске алуу менен сапарлардын санын көбөйтүү пландалууда», - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости