www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовго армиянын генералы деген аскердик наам ыйгарылганын өлкөнүн мамлекеттик “Алтын доор” маалымат агенттиги билдирди.

«Түркмөнстандын парламенти Конституциясынын 81-беренесине ылайык президент, Куралдуу күчтөрүнүн Жогорку командачысы Сердар Гурбангулыевич Бердымухамедовго армиянын генералы аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алды», — деп айтылат өлкөнүн Межлисинин маалыматында. 

Буга чейин Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов улуттук лидер болуп жарыяланып, анын ыйгарым укуктары да аныкталган.

Эми жаңы эрежелерге ылайык, ал өлкөнүн элине кайрылууга туруктуу укугу бар, ал Түркмөнстандын парламентинин жыйындарында, ошондой эле саясий партиялардын жыйындарында жана съезддеринде сүйлөй алат.

Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматтан 2022-жылдын март айында кеткен. Ошол эле айда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, аны анын уулу Сердар Бердымухамедов жеңген. 19-мартта анын инаугурациясы болгон.

Былтыр май айында улуттук килем токуу өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Сердар Бердымухамедовдун апасы Огулгерек Бердымухамедовага Түркмөнстандын эмгек сиңирген килемчиси наамы ыйгарылган. Мындай чечимди өлкөнүн президенти кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости