www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дутерте 16-декабрда Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, Даваонун мэри болуп турганда кылмышка шектүү үч кишини өз колу менен атып салганын айткан.

Филиппин Президенти Родриго Дутерте Давао шаарынын мэри болуп иштеп турган учурунда "өлүм отряды" деп аталган топ түзгөн. Ал топ Дутертенин буйругу менен адам өлтүрүп турган деп билдирди Сенаттагы угууда шаардык полициянын мурдагы офицери Артуро Ласканас.

Ласканас ошол "өлүм отрядын" жетектеп турганын, 200гө чукул адам өлтүрүүнүн күбөсү болгонун билдирген. Алардын соңкусу 2015-жылы болгон дейт. Дутертенин коопсуздук кызматынын жетекчисинин буйругу менен мэрди сындап келген эки журналист өлтүрүлгөнүн да айтып берген.

Ласканас Сенатта өткөн жылдын октябрында көрсөтмө берген учурда жогорудагылардын баарын четке каккан эле. Бул жолку көрсөтмөсүндө, ал учурда үй-бүлөсүнө, жакындарына коркутуулар болгонун айтты. Эми "абийир алдында таза болуш үчүн" жана "кудайдан коркуп" чындыкты айтып жатам деген.

Сенаттагы угуунун максаты Дутерте президенттик кызматка киришкен үч айдын ичинде кандайдыр адам өлүмүнө катыштыгы болгонбу же жокпу деген маселенин чын-төгүнүн тактоо болчу.

Ласканас Дутертенин мэр болуп турган учурундагы криминалдык ыкмалары боюнча көрсөтмө берген жалгыз күбө эмес. Өткөн жылдын сентябрында полициянын дагы бир мурдагы офицери Эдгар Матобато көрсөтмө берген. Президенттин жактоочулары бул көрсөтмөлөрдү жалган деп четке кагып келет.

Родриго Дутерте Филиппиндин президенти кызматына 30-июнда киришкен. 71 жаштагы президент кылмыштуулук, өлкөдөгү баңгизат бизнесин жок кылуу жана коррупция менен «кандуу күрөштү» убада кылып бийликке келди. 16-декабрда Би-Би-Сиге берген интервьюсунда, Даваонун мэри болуп турганда кылмышка шектүү үч кишини өз колу менен атып салганын айткан.

Давао шаарынын башында турган 22 жыл ичинде орой сүйлөгөн жана кылмышка шектүүлөрдү соттун чечимисиз өлүм жазасына тартуунун жактоочусу катары өзүн тааныткан. Кылмыштуулук саны кескин төмөндөгөн, бирок коомдук тартипке коркунуч жараткандарды жок кылуу үчүн уюшулган "өлүм отряддарын" каржылаган деп аны айыптап келишет.

Президент болгондон кийин Дутерте баңгизатка каршы согуш жарыялады. Андан бери алты миңге чукул киши полиция жана ыктыярчылар, жалданган кишилер тарабынан өлтүрүлгөнү айтылат.

Булак: "bbc.com"

Последние новости