www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу долбоорлорун жана программаларын каржылоону ишке ашыруу тапшырылды.

“Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын финансы  министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады.

«Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын эске алуу менен 2018-жылга республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 142 276,7 млн сом суммада, же ИДПнын 25,5% деңгээлинде болжолдонот. 2018-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү финансылык активдерди эске албастан, 157 486,7 млн сом (ИДП 28,2 %) деңгээлинде белгиленген, бул 2018-жылдын бекитилген бюджетинен 3 662,6 млн сомго аз. 2018-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы ИДПнын 2,7 %ын түзөт», – деди ал жана үстүбүздөгү жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга тийиштүү каржылоо булактары каралгандыгын билдирди.

Ал белгилегендей, 2018-жылга карата бюджеттин параметрлерине түзөтүүлөрдү киргизүү үчүн негизги фактор катары өлкөнүн 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсү, учурдагы аткарылышы, киреше бөлүгүнүн өзгөрүүсү жана жаңы социалдык маанилүү чыгаша демилгелеринин кабыл алынышы болуп эсептелет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ар кыл мамллекеттик органдар тарабынан өздөштүрүлүшү тийиш болгон түрдүү гранттардын каражаттары тууралуу сурады.

«Тигил, же бул макулдашуулардын өз учурунда ратификацияланбай калгандыгы үчүн республика айыппул төлөшү керек. Сиз, финансы министри катары мамлекеттик органдын кайсы жетекчиси ар кыл келишимдерди ратификациялоо боюнча планды аткарбай жаткандыгын маалымдап турушуңуз керек. Эмне үчүн биз кайдыгерлик мамиледен улам айыппул төлөшүбүз керек» – деди Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, мамлекеттик органдардын ар бир жетекчиси тигил, же бул макулдашуу өз мөөнөтүндө ратификацияланбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышы керек.

Өкмөт башчы мамлекеттик органдарга бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу зарылдыгына өзгөчө басым жасады.

Маалыматты угуунун соңунда “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына 2018-жылга карата бажы жана салык төлөмдөрү боюнча бекитилген пландык көрсөткүчтөрдү толугу менен аткарылышын камсыздоо, ошондой эле Бюджетке кошумча түшүүчү кирешелер боюнча 2018-жылга карата иш-чаралар планын аткаруу жана салык менен бажы төлөмдөрүн администрациялоону жакшыртуу боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости