www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алыстан жаңы шаарга келген бир киши, мейманкага түнөп калат. Кечкисин бөлмөсүндө уктап жатып, кошуна номерде бирөө ары-бери басып жүргөнүн угуп, ойгонуп кетет. Кадамдардын үнү барган сайын күчөп, ачуусуна тие баштайт. Уктай албай, чыдамы кетип коридорго чыгат. Үндөр угулуп жаткан  номердин эшигин тыкылдатат. Кадамдардын үнү тык токтойт, бирок эшикти эч ким ачпайт. Ошол маалда киши эңкейип, кулпунун тешигинен бөлмөнүн ичин караса төрдө бою узун, териси аппак аял артын карап турганын көрөт. Чакырса карабай коет. Айласы кетип кайра бөлмөсүнө кайтып келет. Кызыгы ошондон кийин кадамдардын үнү угулбай калат.

Эртең менен кечинде болгон окуяны эстеп ойго батат. Кызык эмнеге аял бурчта турду? Эмнеге чакырса карабай койду? Айтылуу бөлмөнүн жанынан өтүп бара жатып, карамана албай кетип, ичин дагы бир ирет караса эч нерсе көрүнбөй коет. Эч ким карабасын дегенби айтоор, ичинен кулпунун тешигин кыпкызыл бир нерсе менен жаап коюшуптур.

Ылдыйга түшүп, мейманканын администраторуна түндө болгон окуяны айтат. Таң калыштуусу администратор кабатырланып “ичине кирген жоксузбу” деп сурайт. Жок деген жоопту уккандан кийин өзүнө келип:

- Сизди башка бөлмөгө жайгаштыралы дегенбиз. Бирок баары бош эмес болгондуктан, бир түнгө эч нерсе болбойт деп ойлогонбуз. Иштин чоо жайы мындай. Бир нече жыл мурун сизге коңшу бөлмөгө жубайлар токтогон эле. Түндөсү ортолорунда ызы чуу чыгып, күйөөсү аялын өлтүрүп койгон экен. Ошондон бери ал номерге эч кимди жайгаштырбайбыз. Ошого карабастан айрым конокторубуз кечкисин, бөлмөдө бирөө тынбай басып жүргөн кадамдардын үнүн угуп калышат.

- Ошондо сиз түндө мен көргөн аялды көрүмчү дегени турасызбы?

- Оба, ошондой. Анан дагы айта кетчү нерсе ал аял сейрек кездешүүчү оору менен ооручу экен. Ошондуктан анын териси аппак, ал эми көзү кыпкызыл өңдө болчу.

Булак: "Билесиңби"

Последние новости