www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) мыйзамсыз күйүүчү май саткандардын аныктоо иштерин жүргүзүп жатканын маалымдады.

"Кызмат Аламүдүн, Ысык-Ата райондорунда мыйзамсыз күйүүчү май саткан бир катар жайлар аныкталганын билдирди. Маевка айылында эки жердин биринен 500 литр, экинчисинен 200 литр бензин сатылып жаткан. Теңдик конушунда 400 литр мыйзамсыз күйүүчү май сатылып жатканы аныкталды. Ысык-Ата районунда жолдун жээгинде күйүүчү май саткандар аныкталып, жалпы жолунан 300 литр бензин алынды.

Финансы полициясы май куйуучу жайлардан сырткары сатылып жатканы күйүүчү май боюнча (0312) 323 091, 323 707 телефон номурларына кабарлап коюуну суранат.

Күйүүчү май аткезчилиги 13-майда парламентте көтөрүлгөн. Анда депутат Жанарбек Акаев күйүүчү май аткезчилигинен 5 млрд. сом бюджетке түшпөй жататканын белгилеп, Бишкектин четиндеги жаңы конуштарда аткезчилик жолу менен ташылган күйүүчү май кеңири сатылып жатканын билдирген.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров күйүүчү майдын дүң баасы 19 сом 40 тыйынга түшкөнү менен, май бекеттердеги баасы он сомго кымбат болуп жатканын белгилеп, өкмөт башчыдан баага көзөмөл кылууну талап кылды. Премьер-министр күйүүчү май аткезчилигине жана баасына көзөмөл кылууга убада берген болчу.

Учурда Бишкектеги май куюучу бекеттерде 1 литр бензиндин баасы сапатына жараша 35 сомдон 40 сомго чейин сатылып жатат.

Шаардын четиндеги жол боюнда желим бөтөлкөлөргө куюлуп сатылып жаткан бензиндин баасы 30 сомдон 35 сомго чейин", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.org

Последние новости