www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Турсунбек Акунду “Чеч дөбө” студиясында Элмирбек Иманалиевди жоктоосун ырдатып эле тим болбой, аны эмне үчүн жазганына токтолуп, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

--Көп кырдуу талант Элмирбек Иманалиевге арнап, 30 саптан турган ыр чыгарып, аны өзүңүз комузду колго алып, ырдап чыктыңыз. Көп кырлуу талантка күйүт ырын жазышыңызга эмне себеп болду? 

--Элмирбектин күтүүсүздөн дүйнө салганын угуп, башкалардай эле мен да катуу кайгыруу менен кабыл алдым. Укканда дендароо болуп эле туруп калыпмын. Анын чыгармачылыгы тууралуу теледен бере баштаганда ого бетер телевизордун жанынан чыкпай калдым. Анткени, мен өзүмдү Элмирбек эле эмес бардык акындар менен аралашып жүргөндөй эле сезчүмүн. Акын болбосом дагы акындык өнөрдүн күйөрманы катары алардын айтыштарына калбай барып, төкмөлүк өнөрлөрүнө баа берип, айтыштан  чоң рахат алган адаммын. Анан бир чоң төкмө дүйнө салып жатса, жан дүйнөң эңшерилип жаман болот экенсиң. Мен негедир акындарды өлбөчүдөй көрчүмүн. Алар өмүр бою эле биздин алдыбызда төгүп ырдап жүрчүдөй сезчүмүн. 

Элмирбек каза болгондо бир жолдош баласы аркылуу үйүн сурап, өкүрүп барып туугандарынын, досторунун кайгысын тең бөлүштүм. Ал жердеги көз жашты көрүп чыдабай кетип калдым. Элмирбек мыкты акын эле, кеменгер жан эле. Ошон үчүнбү аны акыркы сапарга узатканда ыйлабаган адам болгон жок. Баарынын жүрөгү эзилип, ичтери ачышып турду. Мен да башкалар сыяктуу шолоктоп ыйлап жаттым. Эң жакын адамым кеткендей эле болдум. Анан сөөгүн жашырып, топурак  салып келгенден кийин эч нерсе кылгым келбей Элмирбекке аза күтүп отурдум. Жүрөгүм тынчтык бербей бирдеме эле жазгым келди. Анан өзүнөн-өзү эле кайгылуу куплеттер чыга баштады. Ошентип бир күн, бир түндө ушул ырды ыйлап отуруп жаздым. Улам-улам оңдоп, маанилерин өзгөртүп, купулума толбой жаткан жерлерин алып, кайрадан коштум.

--Обону да сизге таандыкпы?

--Менин Асанбаев Узакбай деген жакын тууган чоң атам бар болчу. Ал киши бай, колунда бар ак сөөк адам болгондуктан советтик бийлик кулакка тартып, камай турган болгондо үй-бүлөсүн алып Нарын облусу менен Ысык-Көл облусунун ортосундагы Тоң ашуусун ашып качып баратканда эли-жерин эстеп, ыйлап туруп ушул обонду чыгарып, коштошуп ырдаган экен. Ошол ырды Узакбай молдокем кичинекей чагымда мага үйрөтүп кеткен. Менден башка бул обонду билген адамдар калбай калган үчүн Элмирбекти жоктоо ырын ошол обонго салып ырдоону туура көрдүм. Ушул обонду радионун алтын фондуна жаздырып койсом деген тилегим бар. Бул обонду  45 жылдан бери комузга салып, чертип жүрөм. 

--Комузга салып, ырдоо кыйынчылык жараткан жокпу?

--Комузга салып ырдоодон мурун өзүң жазган текстти жаттоо да оңой эмес экен. 30 куплетти кыйналып атып араң жаттадым. Үйдөн комуз менен такалбай ырдап, жаңылбайм деген ишеним пайда болгондо эскерүү, жоктоо ырын видеого тарттырып коёюн деп сайтыңарга келдим. Бирок, камеранын алдында ырдай баштаганда жаңыла баштадым. 30 куплетти ырдоо оор экен. Анын үстүнө камеранын сүрү да болот экен. Бирде сөзүнөн жаңылсам, бирде үнүм жетпей, үнүм жетсе комузум күүгө келбей айтор, чоң түйшүк менен ырдадым. Чыгармачылык менен саясатта жүргөндүн айырмасы асман-менен жердей экенин сездим. Акындык өнөр оңой эмес экенин билдим. Себеби, саясатта жүргөндө митингде сүйлөгөндө мен өзүмдү суудагы балыктай эркин сезем. Ырдоодо анчалык эркин боло албайт экенмин. 

--Буга чейин калем кармап, ыр жазгансызбы?

--Негизи мен ыр жазууну максат кылбаган адаммын. Бирок, студент кезде Советбек Байгазиев жетектеген “Тоо жылдызы” деген адабий ийримге агрардык академияда окуп жүргөндө барып турчумун. Ал жакка филология, журналистика факультетинин студенттери келчү. Кожогелди Култегин, Айгул Узакова, Жыпара Акунова, композитор Сталбек Бактыгуловдор менен бирге барчумун. Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитовдор  келип, талкуу уюштуруп турчу. Биз жандуу талкууга катышып, ырларыбызды окуп турчубуз. Ошондон баштап эле ыр жазып, чиймелеп жүрөм. Айрым ырларды жоро-жолдоштор менен отурганда колума комуз алып ырдап коём. Андан башка акындык, ырчылык өнөр менен алектенген деле жокмун.

Баса, 988-жылы КПССтин 26 съездине барып, катышып чоң сахнада өнөрүмдү көрсөтүп келгем. 

--Элмирбек  Иманалиев  менен жеке мамилеңиз бар беле?

--Мен Акыйкатчы болуп турганда Элмирбек Иманалиев досу Таалай Керималиев деген ишкер жигит менен бир жеке иш боюнча келишкен. Мен анын чыгармачылыгын баалаганымды айтып, 10 жыл мурун баарлашканбыз. Экинчи жолу Токтогул Сатылгановдун  150 жылдыгына арналган айтышта  биринчиликти алганда Элмирбекти куттуктап, көпчүлүктөй эле батамды бергем. Ошондон башка жолуккан деле жокмун. Бирок, мен Элмирбектин ырларын, обондорун сүйүп, айрыкча айтышын  күтүп укчумун. Анын чыгармачылыгын абдан баалап, сүйлөгөн сөзүнөн, баскан-турганынан, парасаттуулугунан, Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы абалардын сүйлөгөн сөзүн, өздөрүн көрчүмүн. Ушундай кайталангыс, улуу таланттарды муундан муунга сактап келе жаткан адамдай  сезилчү. Элмирбекти көргөндө ошол акындар тирүү жүргөндөй элестетип, көңүлүм ток болчу. 

--Элмирбекке арнап жазган өзүңүз аткарган ырды эл кандай кабыл алды?

--Эл кандай кабыл алат деп мен да сарсанаа болуп турам. Мен ырды жүрөгүм менен күйүп чыгардым. Колумдан келишинче аткардым. Күйүп, коштошуп, аза күтүп, актаңдай акыныбызды жоктоп ырдадым. Тирүү болгондо дагы кандай чыгармаларды жаратат эле деп күйүп жаздым. Ошон үчүн акындарды тирүү кезинде баалап алыш керек. Өлгөндөн кийин жер муштап калбай. Баса, азыр Замирбек Үсөнбаев деген улуу көчтүн учугун улаган  мыкты акыныбыз бар. Наам бергенибиз менен көңүл бура албай жатабыз. Ошону сыйлап, ошону кадырлап, мыкты ырларды жаратышына дем, күч беришибиз керек. Ошондой эле улуу элдин уучу куру эмес экенин далилдеген биринен бири өткөн төкмө акындарыбыз бар. Аалы, Жеңишбек, Азамат, Амантай  деген, ушуларды сыйлап, барктап алалы. Булар Кудай таалаам берген сейрек талант. Буларга аяр мамиле кылыш керек. Күлүк ат, жорго басык, акындык Кудайдан келген касиет болот.

Булак: NazarNews.org

Последние новости