www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Руслан Казакбаев бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык түйүндөрдө топ жарып жаткан “Чоң казат” кыймылынын саясий аракеттерине укук коргоо органдары тарабынан кандай реакция болуп жатканына кызыкты.

Депутаттын айтымында, алардын видеокайрылууларын 100-300 миңге чейин адам окуп жатат. "Азыр айыл-айылдарда “Чоң казатка” чакырыктар жүрүп жатат. Алардын жасап жаткан иштери туурабы”, - деп сурады ал.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү бул боюнча материалдар даярдалып, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөтүлгөнүн билдирди.

Ал эми Финполдун өкүлүнүн айтымында, бул иш боюнча Башкы прокуратурада каттоо өтүп, аларга кат кечээ, 12-майда келип түшкөн. Азыр иликтөө иштери башталды. “Бул боюнча азыр бир нерсе деп айтуу эртерээк”, - деди Финпол өкүлү.

Булак: NazarNews.org

Последние новости