www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков, «Ош: «салыктан буйтаган ишкерлер» аттуу видеоиликтөө даярдап, ал 17-апрелде эфирге  чыккан.  

Аталган журналисттик иликтөөдөн соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштады.

Маалыматка ылайык, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталды.

«Иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат. Иштин чоо-жайын такташ үчүн ыкчам иликтөө тобу түзүлүп, сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

«Ыңгайсыз суроолор» теледолбоорунун алкагында жарыяланган иликтөөдө, Кыргызстанда көмүскө экономиканын кесепетинен казынага жыл сайын 40 миллиард сом салык түшпөй жатканы айтылып, салыктан качкан «ишкерлер» көрсөтүлгөн.

Анын бири, Ошто ишкер Жалил Атамбаевге таандык экендиги айтылган бир нече компания бюджетке салык төлөбөй келатканын видиеоиликтөөдөн фактылар менен келтирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости