www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын атуулу, өз мекенинде жалганчылык менен темиртордо 6 жылга кесилип 3 жыл отуруп, килейген штраф төлөп эркиндикке чыгып, Кыргызстанга келип, үйрөнгөн адатын таштай албай аны улантып келаткан Сергей Фищенко деген “шылуун” Бишкектеги “Ош базарынын” чок ортосунда жайгашкан эт павильонун өзүнө каратып алган.

Ага караштуу “Фирма Акиф” ЖЧКсы (негиздөөчүлөр Фищенко С. Майсызов И, Бозбаева К. Кубатбеков К) жергиликтүү банктан 3млн АКШ долларын алып, күрөөгө эт базарды коюп, ал акча базардын шартын жакшыртууга багытталганын банктын келишиминде жазылган, бирок акчаны көрүп көзү кызарган Фищенко акчаны айлантканы Британ Вергин аралында катталган “Ребис” фирмасынын эсебине 2 млн АКШ долларынын тегерегиндеги сумманы которуп жиберет.

Ал акчалар ошол боюнча Кыргызстанга кайткан эмес. Кредит боюнча Фищенко шарттарды, келишимдерди одоно бузуп, банктын айласы кетип, аргасыздан кредиттерди сатыкка коёт. Финансылык мыйзамдардын негизинде “Альфа Бест” фирмасы кредитти банктан сатып алып, ыйгарым укуктарын жеке ишкер Р. Кузекеевке өткөрүп берет. Бирок, “Фирма Акиф” ЖЧКсынын негиздөөчүсү жолдош Фищенко Сергей мыйзамдуу кредит ээси Р. Кузекеевке акчаны же эт базарды, же күрөөгө коюлган мүлтөрдү өткөрүп бербей, кайра банкты, кредиторду кан какшатып, бет тырмачылык кылып, бүгүнкү күнгө чейин одоно мыйзам бузуп келатканы баарыбыздын оозубузду ачырып отурган кербези. Башкача айтканда кредит ээси базардан же акчадан жок талаада калып отурат. Бул иш боюнча кредит ээси Кузекеев Р. Кыргыз Республикасынын Президентине, Жогорку Кенешке, Сот органдарына, Коопсуздук Кенешине, Башкы прокуратурага, Республикалык финполицияга жана ММКга кайрылуу жолдогон. Бирок бир жылдан бери натыйжа эмдигиче чыга элек. Азыркы учурда Республикалык финполиция кредит ээсинин ишин тергөөдө. Тергөө бир жыл үч айга созулганы таң калыштуу. Бул ишти тергеген тергөөчүлөр бат-баттан эле алмаштырылып жатат. Жакында эле алтынчы тергөөчү алмаштырылды. Кызыгы тергөөчүлөр эмне себептен алмашып жатат? Же Фищенконун чоору күчтүүлүк кылып жатабы? Же тергөө органдарынын кызыкчылыгы барбы? Түшүнүксүз…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости