www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Флорида штатынын 2,5 миллионго жакын тургуну Мексика булуңуна жакындаган "Иэн" ураганына байланыштуу эвакуациялоо боюнча буйрук же эскертүү алды, деп билдирет Рейтер агенттиги аймактагы бийликтерге таянуу менен.

28-сентябрь күнү кечинде жээкке чыгышы күтүлүп жатканы айтылган. АКШнын Улуттук Ураган борбору "Иэн" бороону Флоридага 5-категориядагы бороон катары жакындап калышы мүмкүн экенин, шамалдын ылдамдыгы саатына 200 кмден ашканын белгиледи. 

Ошондой эле, ал 30 см ашкан жаан-чачынга алып келиши мүмкүн.

REGNUM мурдараак маалымдагандай, 24-сентябрда АКШнын президенти Жо Байден Флоридада «Ян» бороонунун жакындап калганына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости