www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Фонтан" пансионатын алдамчылык жолу менен алуу фактысы боюнча УКМК билдирүү жасады.

Маалыматка караганда, УКМК мурда келтирилген коррупциялык схемаларга каршы иш-чаралардын алкагында, Ш.Д. аттуу жарандын жана башка адамдардын "Фонтан" пансионатын алуудагы алдамчылык фактысы боюнча учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

Такталгандай, "Фонтан" пансионаты ири өлчөмдө салык карызы болгондуктан, О.Г. аттуу чыныгы ээсине билдиришип, алдоо жолу менен аны укук коргоо органдары тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, бул пансионатты кайрадан талапкерлерге каттатууга мажбурлашып, ошол Ш.Д. жана башка адамдар тарабынан 2017-жылы жасалма шарттар түзүлгөндүгү аныкталды.

2021-жылдын январь айында бул ишке тиешелүү адамдар тарабынан, "Фонтан" пансионаты менен чектеш жер тилкелери О.Г.нын мүлкүнөн чыгарылып, андан кийин О.Г.нын макулдугусуз 290 525 долларга үчүнчү жактарга өткөрүлүп берилген.

Ш.Д.га карата чогултулган материалдардын негизинде, Каракол шаардык соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости