www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (финпол) тарабынан Кең-Булуң айылында узундугу үч чакырымга барабар жер астында көмүлгөн түтүктөр табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан маалымдашты.
Ал түтүктүн жардамы менен Казакстандан күнүнө мыйзамсыз жол менен болжолдуу түрдө 100 тонна күйүүчү майды өткөрүп турушкан. Андан сырткары, күйүүчү майларды андан ары сатууга даярдоо үчүн курулган атайын кампа, кампанын ичинен май куючу идиштер жана насостук жабдыктар табылган. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымдын так саны жана кылмыштык схеманын уюштуруучуларын аныктоо иштери жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg