www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жумгалда мектеп же бала-бакча ачып жатышкансып дагы лента кесүүгө депутаттар келишиптир. Ушунча чуунун эмне кереги бар? Чаектеги аянтты тосуп, лампа коюп, анда төрт олтургуч орнотуп, анан да кышында гүл тигип койгон жердин ачылышы болуптур. Ага болсо 2,3 миллион сом кетти дешиптир. Уялсаңар боло!.. Шайлоо келе жатат деп эле баары-жоктун ашмалтайын чыгарып бүтмөй болдуңар го?..”

Мындай пикирин Элиза Асылбекова аттуу интернет колдонуучу бүгүн, 27-октябрда соцтармактагы өзүнүн баракчасына сүрөттөр менен бирге жарыялады.  

Асылбекова “Мынчалык жарыя кылбай эле ачпайт белеңер? Сахнасы ошол бойдон калыптыр. Эски дубалына кайра сүрөт тартып, жыгачтарды сырдапсыңар, көрдүк. Мектеп, бала-бакча же болбосо спорт зал ачып койгонсуп, ушундай показуханын кереги бар беле жумгалдыктарга?”, - деп, депутаттардын жасаган иштерине кейиген автор андан ары коомчулукка суроо салат.

Асылбекова жүктөгөн сүрөттөрдөн Жогорку Кеңештин "Республика - Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Жыргалбек Турускулов менен "Кыргызстан" партиясынын төрагасы, депутат Канат Исаевдин кайчы көтөрүп жүрүшкөнүн, ошондой эле бири микрофондо жалындуу сөздөрдү айтып жатса, экинчиси толкунданып ТВларга маек берип жатканын көрүүгө болот.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости