www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун борбор калаасы Караколдо 4 тилкелүү жол толук капиталдык ремонттон өтүп, ачылып турат. Чынын айтыш керек, ойлогондон дагы мыкты болуптур. Деги, Каракол шаары совет бийлиги учурундагы Пржевальск кезинде деле мындай асфальтты, жол чиймелерин көрбөсө керек. Эми шаар бийлиги калаа ичиндеги жолдун баарын ушинтип салса дейсиң аттиң. Бүгүнкүсү дагы буюрсун.
Абдрахманов көчөсү совет доорунан бери эч кандай капиталдык ремонттон өткөн эмес. Быйыл 2019-жылы республикалык бюджеттен 33 миллион 553 мин сом акча каражаты бөлүнүп 0,67 км (673 метр) чарчы жол толук капиталдык ремонттон өтүп, колдонууга берилип турат. Эске салсак, аталган көчөнүн ондоп-түзөө иштери 22-июлда башталган.
Булак: NazarNews.kg