www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы парктын курулушу, жылуулук берүү мезгили, жаңы автобустарды алып келүү, социалдык объектилердин абалы, шаардын кирешеси менен чыгымы – мунун баары муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы берген маалыматта айтылат.

Анда айтылгандай, аталган маселелердин аткарылышын шаардык кызматтардын жана түзүмдөрдүн бөлүм башчылары менен бирге талкуулаган мэр Азиз Суракматов бир катар орун басарларына сын айткан.

Шаар башчысы 4 райондук салык башкармалыгы менен акимиаттын биргелешкен ишине нааразычылыгын билгизген. Анын айтымында, киреше боюнча аткарылчу иштин тең жарымы аткарылган эмес. Белгиленгендей, шаардыктар салыктардан, өзгөчө сатыктан түшкөн киреше жана транспорт салыктарын төлөөдөн “качышат”.

Мындан улам Суракматов шаардык кызматтар менен бөлүмдөрдүн кызматташуусун “алсыз” деп баалап, вицелерине азырынча сөз жүзүндө эскертүү берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости